Бишкекте айнек жана алюминий конструкцияларын чыгарган завод курулат

Экономика Загрузка... 30 Июнь 2025 16:40
506504056_728618196.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 30.06.25. /Кабар/. ОсОО КУСП «ГЛАСС ЦЕНТР» менен кредиттик келишимге кол коюу аземи өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун кеңсесинде өттү.

Фонддун маалыматына ылайык, документте Бишкек шаарында айнек жана алюминий конструкцияларын чыгаруучу заводдун курулушу боюнча долбоорду каржылоо каралган.

Аталган долбоор өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын ички рыногун заманбап жана энергияны үнөмдөөчү курулуш материалдары менен камсыздоого багытталган.

Келишимде төмөнкүлөр каралган:

— борбордун чыгыш бөлүгүндө 5789 м² аянтка өндүрүштүк комплексти куруу;

— энергияны үнөмдөөчү айнек жана алюминий профилдерин чыгаруу боюнча линияны ишке киргизүү;

— жергиликтүү тургундар үчүн 100дөн ашык жумуш орундарын түзүү.

"Долбоор Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты чыңдоо алкагында ишке ашырылып, өлкөлөр ортосундагы өз ара ишенимдин жана өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин тастыктайт",-деп айтылат маалыматта.