Бишкек, 27.06.25. /Кабар/. 2025-жылдын 4 айында Чүй облусуна республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 1 млрд 431 млн 800 миң сом өлчөмүндө каржыланган.
Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:
- теңдөөчү трансферт – 43 млн сом;
- айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 5,5 млн сом;
- электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 1,1 млн сом;
- калктуу конуштардын башкы планын иштеп чыгууга – 11,4 млн сом;
- муниципалдык жылуулук ишканаларын субсидиялоого – 1 201,9 млн сом;
- мектепке чейинки мекемелерди каржылоого – 4,9 млн сом;
- Министрлер кабинетинин тескемесинин негизинде Токмок шаарын өнүктүрүүгө – 164 млн сом.
Мындан тышкары, Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен - 139,8 млн сом бөлүнүп берилди.
Ошентип, жалпы каржылоо 1 млрд 571,6 млн сом болгон.