Бишкек, 28.07.25. /Кабар/. Бүгүн, 28-июлда Кытайдын Хунань провинциясынын Чанша шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жаш медиа адистери үчүн өткөрүлгөн семинардын жабылуу аземи болуп өттү. Семинарды Кытайдын Коммерция министрлиги Кыргызстандын Мамлекеттик кызмат иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги менен биргеликте уюштурган.
Жабылуу аземинде Хунань Тышкы соода кесиптик колледжине кытайлык жардам көрсөтүү боюнча адистерди даярдоо институтунун проректору Фу Юнхуэй долбоор боюнча иштин жыйынтыгын чыгарды.
Анын айтымында, семинарда адистерди кесиптик даярдоо маселелери талкууланып, Чанша жана Сиань шаарларындагы жерлерге баруу менен маданий программа камтылган.
Хунань провинциясынын соода департаментинин адам ресурстары бөлүмүнүн башчысы Гуо Цуй 20 күндүн ичинде катышуучулар тил жана маданий айырмачылыктарды жеңип, лекцияларга, кейс изилдөөлөргө жана профессионалдык талкууларга катышканын айтты. Заманбап чакырыктарга жана медиа чөйрөнү өнүктүрүүгө байланышкан негизги темалар козголду.
Семинардын программасы профессионалдык билимди тереңдетүүгө гана эмес, Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн ортосундагы байланыштарды түзүүгө да салым кошкону белгиленди.
Кыргыз делегациясынын өкүлү иш-чаранын кесиптик байланыштарды чыңдоо, тажрыйба алмашуу жана аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн маанисин белгилеп, Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы өнөктөштүктүн стратегиялык ролун баса белгиледи.
Анын айтымында, алган билимдер жаңы долбоорлорго жана узак мөөнөттүү кызматташууга негиз болот.
Соңунда семинардын катышуучуларына окууну аяктагандыгы тууралуу сертификаттар тапшырылды.
Белгилей кетсек, семинар 9-июлдан 28-июлга чейин өтүп, Борбор Азиядагы медиа тармагында тажрыйба алмашууну жана кызматташтыкты бекемдөө жана жаш медиа адистеринин кесиптик өсүүсүнө багытталган. Ага Кыргызстандан 6 адам, Тажикстандан 4 адам жана Өзбекстандан 7 адам катышты.
Маалымат үчүн: Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга КЭРдин 70 жыл ичиндеги жетишкендиктери жана 40 жылдык реформалар жана саясий, экономикалык, социалдык жана маданий чөйрөлөрдөгү ачыктык, Кытайдын улуттук өзгөчөлүктөрү жана жакырчылыкка каршы күрөштө Кытайдын тажрыйбасы баса белгиленди. Хунань провинциясында маданий индустрияны өнүктүрүүнүн учурдагы абалы жана жаңы медианын курулушу, заманбап медиадагы жаңы ыкмалар, конвергенттик медиа контекстинде радио жана теле жаатынын өнүгүү стратегиясына ыңгайлашуусу, жаңы медиа контекстинде салттуу медианын инновациялары жана өнүгүүсү талкууланды.