Кытай жарандары катышкан окуя - мамлекеттер аралык мамилелерге таасир этпейт

Пикир Загрузка... 19 Ноябрь 2025 17:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытай жарандарынын катышуусундагы окуя боюнча комментарий берип, бул иш боюнча укук коргоо органдарында бардык керектүү маалыматтар бар экенин белгиледи. Министрдин айтымында, учурда Ички иштер министрлиги тарабынан кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

виза.png

Жээнбек Кулубаев белгилегендей, өлкөнүн жолдорунда чыр-чатактар байма-бай болуп турат жана ага кыргызстандыктар өздөрү да көп катышат. Бирок, бул окуя катышуучулардын арасында чет элдик жарандар болгон үчүн гана коомчулукта кеңири резонанс жаратты.

“Бул бир эле учур, андан чагымчылдык жасоонун кереги жок. Биздин жарандар да чет өлкөдө жүргөндө ар түрдүү окуяларга туш болушу мүмкүн. Мындай кырдаалдардан эч ким корголгон эмес”,- деди министр.

Муну менен катар, Тышкы иштер министрлигинин башчысы Кыргызстан бир чыр-чатак үчүн мамлекеттер аралык мамилелерди токтотпой турганын белгиледи. Өлкө туристтер, мигранттар жана инвесторлор үчүн да, өз жарандары үчүн да мыйзамдардын сакталышын камсыз кылып, бардык өнөктөштөр менен тең укуктуу кызматташууга умтулат.

виза 1.png

Коомдо эң көп талкууланган темалардын бири Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы визалык режим. Кулубаевдин айтымында, эки өлкөнүн ортосунда толук визалык режим иштейт. Кытай Эл Республикасынын ар бир жараны Кыргызстанга кирүү үчүн виза алышы керек, ошондой эле кыргызстандыктар да Кытайга барууда виза алууга милдеттүү.

виза 3.png

“Биз кытай тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Эгер Кытай бизге визасыз режим сунуштаса, биз да өз ара пайдалуу негизде жеңилдиктерди карап чыгууга даярбыз”, - деди министр.

Ал кошумчалагандай, республикада Кытай, Индия, Пакистан жана башка өлкөлөрдөн келген мигранттар катышкан бир катар ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда. Ошол эле учурда бардык чет элдик жарандар Ички иштер министрлигинен каттоодон өтүшүп, мыйзамдын талаптарына ылайык иштеп жатышат.

виза 4.jpg

Тышкы саясий мекеменин жетекчиси кыргыз-кытай мамилелеринин ыкчам өнүгүп жатканын айтты. Кытай стратегиялык демилгелерди ишке ашырууда Кыргызстан үчүн негизги өнөктөш бойдон калууда. Алардын катарында Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу, Бишкектеги айланма жолдун курулушу, таштандыларды кайра иштетүүчү завод жана башка ири инфраструктуралык долбоорлор бар.

виза 5.jpg

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кытай жарандарынын өлкөдө болуусу виза режими жана чет элдик жарандардын жүрүп-туруу тартиби тууралуу жоболор менен жөнгө салынарын эскертти. Бул жоболор визада же уруксат берүүчү документтерде көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү так сактоону талап кылат. Виза алуу үчүн Кыргызстанда катталган юридикалык жактан расмий чакыруу болушу милдеттүү.

виза 6.jpg

Мындан тышкары, Кыргызстан виза саясатын либералдаштырууда тең салмактуу мамилени карманат, тең укуктуктуулук принципти жана улуттук кызыкчылыктарды эске алат. Учурда Кыргызстан Азия, Европа, Африка жана Кариб бассейниндеги бир катар өлкөлөр менен визасыз режимге ээ. Алардын катарында Беларусь, Грузия, Россия, Түркия, Азербайжан, Казакстан, Малайзия, Монголия, Вьетнам, Антигуа жана Барбуда, Барбадос, Намибия жана башка мамлекеттер бар.