Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрү медиа чөйрөдө кызматташтыкты күчөтүүдө

Аналитика Загрузка... 17 Июнь 2025 18:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Астанада өтүп жаткан «Борбор Азия – Кытай» мамлекет башчыларынын саммити менен бирге Евразия мейкиндигиндеги ар түрдүү тармактар боюнча кызматташууну чыңдоого арналган бир катар иш-чаралар өтүүдө. Алардын ичинен медиа чөйрөсүндөгү кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулууда.

«Коңшулук жана достук, биргеликте алдыга жылуу» деген аталыштагы гуманитардык алмашуу форуму Казакстандын борборунда болуп өттү. Бул иш-чаранын жыйынтыгында Борбор Азиядагы ЖМК жетекчилери жана Кытай Эл Республикасынан келген кесиптештер кеңири кызматташуу программасын иштеп чыгууну макулдашты. Ал окуяларды биргелешип чагылдыруу, контент алмашуу, технологиялык инновацияларды колдонуу, кадрларды даярдоо жана медиа чөйрөсүндө кызматташтык альянсын түзүүгө көмөктөшүү багыттарында маселе көтөрүлдү.

Форумдун ачылышында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоо каты окулуп, медиа кызматкерлер өлкөлөр ортосундагы мамилелерди бекемдөөгө салым кошоруна ишенимин билдирүү менен жемиштүү натыйжаларды каалады.

Иш-чарага катышкан Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев өз сөзүндө медиа чөйрөсүндөгү кызматташтык элдердин жакындашуусуна өбөлгө болорун жана бул жалпы адамзаттык баалуулуктарды бөлүшкөн мамлекеттер үчүн маанилүү багыт экенин белгиледи:

“Бул процессте жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматташтыгы өзгөчө мааниге ээ. Азыркы ЖМК коомдук пикирди калыптандырууда, стереотиптерди талкалоодо жана элдердин ортосундагы достук көпүрөлөрүн курууда негизги ролду ойнойт. Өлкөлөр ортосундагы маалыматтык кызматташтык улуттардын өз ара түшүнүшүүсүнө да өбөлгө түзөт.

ЖМКлар ачык диалогдун, тажрыйба алмашуунун, маданий жетишкендиктерди жана биргелешкен ийгиликтерди чагылдыруунун аянтчасы болушу керек. Бул азыркы глобалдык чакырыктар — эл аралык чыңалуу, экстремизм, жалган маалыматтар шартында — биргелешкен жооп жана акылдуу мамиле талап кылынган учурда өзгөчө маанилүү.

Биз буга чейин биргелешкен форумдарды өткөрүүдө, журналисттер ортосундагы кесиптик алмашууларда, аймак элдеринин маданияты жана жашоосу тууралуу даректүү тасмаларды жаратууда ийгиликтүү долбоорлордун мисалдарын көрүп жатабыз. Бул демилгелер өз ара түшүнүшүүгө гана жардам бербестен, ишеним жана чындыкка негизделген жалпы маалымат мейкиндигин түзүүгө да шарт түзөт», - деп белгиледи Медербек Шерметалиев.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кытай Медиакорпорациясы (CMG) форумдун демилгечилеринин жана өнөктөштөрүнүн бири катары Астанада «Маданий байланыштар – 2025» эл аралык долбооруна дагы старт берди. Анын алкагында Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанда CMG тарабынан даярдалган 12ден ашык телеберүү жана тасма көрсөтүлөт.

Алардын катарында:

«Мурастын сактоочусу», «Кытайдын модернизация жолу» жана башка программалар бар.

Ал эми Кытай Медиакорпорациясынын башкы директору Шэнь Хайсюн өз сөзүндө Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кытай ар дайым Борбор Азия өлкөлөрүнө ишеним артып, таяна ала турган жакшы коңшу, өнөктөш, дос жана боорукер бир тууган болуп келгени тууралуу айткандарына көңүл бурду;

"Кытай-Борбор Азия тагдырлаш коомчулугун курууга жаңы дем берүүгө убакыт келди. CMG Борбор Азия өлкөлөрүнүн маалымат каражаттары менен биргеликте программалардын бет ачарын өткөрдү. Бул 2023-жылы Кытай-Борбор Азия саммитинин жыйынтыктарын ишке ашырууга көмөктөшүү боюнча оң демилге болуп саналат" - деп билдирди.

Ошондой эле Кытайдын Казакстандагы элчиси Хань Чунлинь өз сөзүндө Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрү тоолор жана дарыялар менен байланышкан коңшулар экенин, мындан тышкары коопсуздук жана туруктуу өнүгүү жаатындагы жалпы кызыкчылыктар бар экенин белгиледи.

"Кытай коопсуздуктун жалпы, ар тараптуу, биргелешкен жана туруктуу концепциясын колдойт жана бул жааттагы практикалык кызматташтыкты тереңдетүүнү улантууда" ,- деп кошумчалады ал.

Борбор Азиядагы ЖМК өкүлдөрү бул форум жана биргелешкен программалар Борбор Азия менен Кытайдын ортосундагы достук жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө өбөлгө түзөрүнө ишеним артышты.

Азыр маданий-гуманитардык чөйрөдө толук кандуу кызматташтык үчүн жаңы платформа калыптанып жатат. Ал ачыктык, ишенимдүүлүк, объективдүүлүк принциптерине негизделип, замандын актуалдуу күн тартибин чагылдырууга багытталган.

Кытай менен Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы жалпы чек ара 3000 чакырымдан ашат. Бул географиялык жакындык элдердин пайдасына иштеши керек. Биздин өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү боюнча зор потенциалыбыз бар, жана аны толук пайдалануу зарыл.