Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан т/ж: Алгачкы электр көмөк чордондорун орнотуу аракети башталды

Аймак 1390 14 Март 2025 10:57
483973461_1751390219061568_587255072521967318_n.jpg
484945294_1751390265728230_6628976979787981582_n.jpg
483828080_1751390229061567_7434995844991994250_n.jpg
483964930_1751390315728225_95928856547806442_n.jpg
483893953_1751390279061562_5317632995730502925_n.jpg
483776610_1751390325728224_3979931602864028634_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

Бишкек, 14.03.25. /Кабар/. Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушунун алкагында Сузак районунун Таран-Базар айылында темир жолго керектелүүчү алгачкы электр көмөк чордондорун орнотуу аракеттери башталды, - деп билдирет президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү.

Бул багытта президенттин Жалал-Абаддагы өкүлү Тилек Текебаев Кытай тарабынан бекитилген атайын өкүлдөр менен жолугушуп, иш алып баруу багыттарын талкуулашты.

Өкүл тыгыз кызматташтык аракеттеринин маанилүүлүгүн белгилеп, жаралган маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү бийлик көмөк көрсөтөөрүн айтты.

Облус башчысынын биринчи орун басары Нурлан Эрматов Көк-Арт айыл аймагынын Таран-Базар айылынын жергиликтүү тургундары менен жолугушуп, темир жолдун курулуш иштери аталган айылдан башталаарын белгиледи. Ага катар электр көмөк чордондору орнотулуучу объекттер боюнча маалымат берди.