Ташкент, 03.09.25. /Кабар/. Президент Шавкат Мирзиёев жакында өткөн «ШКУ плюс» саммитинде Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун Трансафган транспорттук коридору менен айкалыштырууну сунуштады. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы кабарлады.
Мирзиёев бардык өлкөлөр үчүн экономикалык өсүштүн кыймылдаткычы боло турган бирдиктүү жана кеңири транспорттук тармак түзүүнүн зарылдыгын белгиледи. «Глобалдык коридорлор менен ишенимдүү байланышты камсыз кылуучу натыйжалуу транспорттук маршруттарды түзүү өтө маанилүү», - деди өзбек лидери.
Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстанды бириктирген темир жол долбоору ушул багыттагы негизги кадам катары бааланууда. Аны Трансафган коридору менен туташтыруу Түштүк Азия жана Жакынкы Чыгыш базарына түз чыгууга жол ачары белгиленди.
Расмий маалыматта көрсөтүлгөндөй, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу Чыгыш Азиядан Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Европага чейинки аралыкты болжол менен 900 чакырымга кыскартат. Ошондой эле долбоор аймакта ондогон миң жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болот.