Бишкек, 03.08.26. /Кабар/. Кыргызстандын аймагындагы Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу белгиленген графиктен бир аз алдыда жүрүп жатат. Бул тууралуу "Биринчи радионун" эфиринде "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын аймагындагы узундугу 304 чакырым болгон темир жол тилкесинин бардык багыттары боюнча курулуш иштери башталган. Учурда туннелдерди, көпүрөлөрдү, жер төлөмдөрүн жана башка инфраструктуралык объекттерди куруу иштери жүрүп жатат.
"Бул темир жол курулушу боюнча эң татаал долбоорлордун бири. Анткени Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан, татаал тилкелер, туннелдер жана көпүрөлөр көп. Ошого карабастан, иштер үзгүлтүксүз жүрүп, графиктен бир аз алдыда аткарылууда", – деди Сакиев.
Ал белгилегендей, аталган темир жол эл аралык мааниге ээ болуп, Жаңы Жибек жолунун бир бөлүгүнө айланат. Ошондой эле долбоорду ишке ашырууда айлана-чөйрөнү коргоого өзгөчө көңүл бурулууда. Анын сөзүнө караганда, темир жолдун багыты жаратылышты коргоо аймактарын эске алуу менен аныкталып, айрым татаал тилкелердин жаратылышка тийгизген таасирин азайтуу үчүн туннелдер аркылуу өткөрүлүүдө.
"Долбоор ишке ашкандан кийин Кыргызстандын транзиттик мүмкүнчүлүктөрү кыйла кеңеет. Бул темир жолдун негизги артыкчылыгы – транзит. Жүк ташуулар биздин аймак аркылуу өткөн сайын өлкө транзиттик киреше алып турат", – деди ал.
Анын айтымында, жаңы темир жол долбоорлору деңизге түз чыгуу мүмкүнчүлүгү жок Кыргызстан үчүн эл аралык рынокторго чыгуунун кошумча каттамдарын ачып, өлкөнүн логистикалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.