Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Тажикстан багыты боюнча биринчи жүк поезди жөнөтүлдү

Экономика Загрузка... 19 Февраль 2026 17:10
photo_18.jpg

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 18.02.26. /Кабар/. Өзбекстан - Кытай биргелешкен UTK International Logistics Co. Ltd компаниясы Кытайдан Тажикстанга багытталган алгачкы блок-поездди жөнөттү. Бул тууралуу “O’ztemiryo’lkonteyner`дин” басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, поезддин курамында 40 футтук (12 метр) 8 контейнер бар. Аларга эл керектөөчү товарлар жана курулуш техникалары жүктөлгөн. Курам Кытайдын Ланьчжоу шаарынан чыгып, мультимодалдык транспорттук коридор аркылуу Кыргызстан жана Өзбекстандын аймагы аркылуу өтүп, Душанбе-2 станциясына жетет.

Маршруттун жалпы узундугу 3,5 миң чакырымдан ашат. Поезд бул аралыкты 18–20 күн ичинде басып өтөрү күтүлүүдө.

Жаңы транспорттук коридор Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстандын ортосундагы аймактык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча келишимдердин алкагында пилоттук режимде ишке киргизилди. «Өзбекстан темир жолдору» компаниясынын колдоосу менен аталган багытта тарифтик жеңилдиктер каралган.

Эске салсак, 2025-жылдын июль айында Кытай менен биргеликте UTK International Logistics аттуу транспорттук ишканасы түзүлгөн. Жаңы түзүм Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы жүк ташууларды өнүктүрүү жана жүктөрдү консолидациялоо иштерин жүргүзөт.

Ошондой эле Ланьчжоу шаарындагы эркин экономикалык аймакта компанияын жыйноо борбору ишке кирген. Анын жетекчиси Мирзиёд Мирхамидов Gansu International Logistics компаниясы менен Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу Тажикстан менен Түркмөнстанга транзиттик ташууларды уюштуруу боюнча макулдашууга жетишкен.