Кытай компаниясы Ош шаарына 520 турак жай куруп берет. Үйлөр кимдерге берилет?

Аймак 23 Июнь 2025 11:55
509429439_1061541029498127_3425921645127996767_n (1).jpg
508913368_1061541102831453_9076237399805358773_n.jpg
509426710_1061541202831443_8087528444408271320_n.jpg
509426812_1061541019498128_6169733222411686263_n.jpg
509429661_1061541176164779_5367704584988927769_n.jpg
509434055_1061541132831450_990399153198338150_n.jpg
509441837_1061541232831440_5730345356392033835_n.jpg
510383687_1061541126164784_1076940620740829592_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек 23.06.25 /Кабар/. Ош шаарынын мэриясы менен кытайлык "Кунлунь" курулуш компаниясы кызматташат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев "Кунлунь" курулуш компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Ван Чиан баштаган делегацияны кабыл алып, эки тараптуу кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Ага ылайык, алдыда кытай компаниясы Ош шаарынын мэриясына Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу жер тилкесине 520 үй куруп берет. Бул үйлөр шаардагы турак үйлөрү башкы планга ылайык жолду кеңейтүүдө, каналдардын жээгин ачууда башка жака көчүрүлө турган жарандарга берилет.

Долбоорду ишке ашырууда Ош шаарынын мэриясы бардык тараптан колдоо көрсөтөрүн шаар мэри Жеңишбек Токторбаев билдирди. Мындан тышкары, күз айында суук түшкөнгө чейин үйлөрдү тездетип бүтүрүп, элди көчүрүп кирүүгө жетишүү керектигин белгиледи. Үйлөрдү курууга 1-июль күнү расмий капсула салынып, старт берилет.