Кышында жарык, жайында сугат суу. Кошуна өлкөлөр энергетикалык балансты теңдештиришет

Аналитика Загрузка... 11 Сентябрь 2025 16:10
_104394580_gettyimages-1061467254.jpg.webp
copyright icon www
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Бишкек, 11.09.25. /Кабар/. Борбор Азиянын суу ресурстары чек ара маселелери чечилгенге чейин калктын өсүшү жана суунун жетишсиздигине байланыштуу аймактагы өлкөлөр ортосунда ар дайым көйгөйлөрдү жаратып келген. Бирок бүгүнкү күндө бул жаатта тең салмакты сактап, суу ресурстарын биргелешип башкаруу шартында өз ара пайдалуу кызматташтыкты түзүүгө мүмкүнчүлүк пайда болду.

Бул маселе өз кезегинде энергетика тармагына да түздөн-түз тиешелүү. Маселен, Кыргызстандагы ГЭСтер кыш мезгилинде суу сактагычтардан чоң көлөмдө сууну агызууга аргасыз болушат. Анткени суук мезгилде электр энергиясына болгон муктаждык кескин көбөйөт. Бул калкты, өнөр жай ишканаларын жана башка маанилүү тармактарды электр менен камсыз кылуу үчүн зарыл. Ошол эле учурда, жазга чейин айдоо иштерин жүргүзүү үчүн суунун олуттуу кору талап кылынат, ал эми жайында айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу зарыл.

Мындай шартта мамлекеттер аралык келишимдер өтө маанилүү. Анткени өнөктөш мамлекеттердин кызыкчылыктарын эске албастан жана өз ара жардам көрсөтпөстөн, суу-энергетикалык кризис бүткүл аймакка зыян алып келиши мүмкүн.

Жакында Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын энергетика министрлеринин үч тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Анда алдыдагы күз-кыш мезгилиндеги тобокелдиктерди азайтуу жана вегетация мезгилине чейин суу топтоо үчүн шарттарды түзүүгө багытталган негизги чечимдер кабыл алынды. Бул агрардык сектордун туруктуулугун камсыздоочу маанилүү кадам.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, макулдашылган негизги документ Токтогул суу сактагычынан суунун коё берилиши боюнча Кыргызстандын милдеттенмелерин, ал эми Казакстан менен Өзбекстандын Кыргызстанга электр энергиясын жеткирүү милдеттенмелерин карайт. Ошондой эле, Россиядан Кыргызстанга Казакстандын энергетикалык системасы аркылуу электр энергиясын транзит кылуу шарттары да макулдашылды. Бул чаралар Токтогул суу сактагычындагы суунун керектүү деңгээлде сакталышын жана вегетация мезгилинде Казакстандын түштүк аймактарын сугат суу менен камсыздоону көздөйт.

Эксперттер белгилегендей, кошуна мамлекеттердин кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун сактоо аймактын энергетикалык системасынын кышында туруктуу иштешине жана жаз-жай мезгилинде суу топтоого өбөлгө болот. Бул, өз кезегинде, Борбор Азия өлкөлөрүнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизги факторлорунун бири болуп саналат.

Мындан тышкары, айыл чарба жерлерин үзгүлтүксүз суу менен камсыз кылуу — азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун негизги шарты. Ар бир мамлекеттин муктаждыктарын эске алган, суу ресурстарын бөлүштүрүүгө жана пайдаланууга багытталган биргелешкен мамиле гана аймактын узак мөөнөттүү туруктуулугун жана өнүгүүсүн камсыздай алат.