Каракол шаары Кыргызстандын түндүк-чыгышындагы Ысык-Көл облусунун административдик борбору болуп, өзгөчө тарыхый жана туристтик мааниге ээ шаарлардын бири. Чоңдугу боюнча Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынан кийинки төртүнчү орунду ээлейт. Ал XIX кылымдын аягында негизделип, ошол мезгилден бери өзүнүн бай тарыхы, көп улуттуу маданияты жана табигый кооздугу менен айырмаланып келет.

Турист үзүлбөгөн калаанын тарыхы
Каракол шаары 1869-жылы Чүйдөн Кашкарды көздөй кеткен кербен жолунда манап Көлбарска шаар негиздегенге жер табуу жана аны түптөө буйругу боюнча негизделген. 1869-жылы шаардын биринчи көчөлөрү, аянты жана конок үйү курулган. Бул күн шаардын түптөлүү күнү катары белгиленип, анын жанынан өткөн суунун "Каракол" деген ысымын алып калган.
Шаар бир нече жолу өз атын өзгөрткөн. 1889-жылга чейин Каракол деп аталса, андан кийин орус канынын буйругу менен орус саякатчысы жана изилдөөчүсү Николай Пржевальскийдин ысымы ыйгарылган. Ал Караколго жасаган өзүнүн бешинчи жолку саякатында көз жумган.
1992-жылы Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан соң шаар Каракол деп аталып келүүдө.

Калаа тарыхый имараттарга бай
Караколдогу ажайып, тарыхый имараттардын сап башында “Ыйык Троица” чиркөөсү жана мыксыз курулган Дунган мечити турат. Ошондой эле Каракол тарыхый-аймак таануу музейи кичинекей, бирок абдан атмосфералуу, анда шаардын тарыхы, дунгандардын, уйгурлардын, орустардын жана кыргыздардын маданияты менен таанышууга, ошондой эле сейрек кездешүүчү сүрөттөрдү жана тиричилик буюмдарын көрүүгө болот. Билеттин баасы 100 сомду түзөт. Шаар бул тарыхый имараттар менен эле чектелбейт. Шаарда мындан башка да тарыхый, өтө кооз жасалгалары менен курулган имараттар көп.

Кароколдо кайсыл жактарга барууга болот?
Тарыхый имараттардан тышкары, шаарда жана анын тегерегинде барууга арзый турган көптөгөн жайлар бар:
-Пржевальский музейи жана мемориалы
Россиялык саякатчы Николай Пржевальскийдин урматына ачылган бул музейде анын экспедициялары, табигый илимдерге кошкон салымы тууралуу маалыматтар сакталган.

-Каракол зоопаркы
Үй-бүлөө менен барып эс алууга ылайыктуу. Ар түрдүү жаныбарларды көрүүгө болот.

- Алтын-Арашан жана Ак-Суу ысык булактары
Жөө же ат менен жетүүгө болот. Табигый ысык суулары жана чалкыган тоо пейзажы эс алууга ыңгайлуу.
-"Жыргалаң" санаторийи
Сөөк-булчуң, нерв, гинекологиялык ооруларды дарылоого адистешкен. Негизги дарылоочу фактору — температурасы +40…+43 °C болгон минералдык ысык суулар. "Жыргалаң" санаторийи — ден соолукту чыңдоо жана табияттын кооздугунан ырахат алуу үчүн эң сонун жай.

-Каракол капчыгайы
Кыргызстандагы эң кооз жана туристтер көп барган жаратылыш аймактарынын бири. Жай мезгилинде жөө туризм, ат минүү жана лагерь уюштуруу үчүн ыңгайлуу. Кышында лыжа тебүүчүлөр жана альпинисттер үчүн мыкты шарттар түзүлгөн. Капчыгай табигый тынчтыкты, таза абаны жана керемет көрүнүштү сунуштайт.

Кышкы туризм жана Каракол тоо лыжа базасы
Каракол - Кыргызстандагы эң мыкты лыжа курортторунун бири. Кыш мезгилинде шаар дүйнөнүн булуң бурчунан келген туристтерди кабыл алат. Каракол тоо-лыжа базасы 2300–3040 метр бийиктикте жайгашып, кесипкөй жана жаңы үйрөнүп жаткан лыжа тебүүчүлөр үчүн шарттар түзүлгөн.

Караколдун айтылуу ашлянфусун жебей кетүү мүмкүн эмес
Ашлямфу - крахмал менен камырдан жасалган муздак жана ачуу тамак. Ал эчак эле Каракол шаарынын визиттик картасына айланган. Ашлямфунун эң даамдуусу "Ак-Тилек" базарында сатылат. Базарга ашлямфунун даамын татып көрүү үчүн келген туристтердин да, жергиликтүү элдин да аягы үзүлбөйт экен.

Караколго эмне үчүн баруу керек?
Караколго баруу — бул:
- Тарых барактарын жандуу көрүү;
- Ар улуттун маданияты менен таанышуу;
- Табияттын тынчтыгын сезүү;
- Ден соолукту чыңдоо;
- Даамдуу жана өзгөчө ашканадан ырахат алуу.
Экотуризм жана жапайы жаратылышы
Каракол шаары жайгашкан Ысык-Көл облусу, сейрек кездешүүчү жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө бай. Каракол коругу - бул корголуучу аймак, ал сейрек кездешүүчү, мисалы, илбирс, тоо эчкиси сыяктуу жаныбарлардын жашоосу үчүн маанилүү. Жашыл туризм - жергиликтүү жамааттар менен биргеликте экологиялык таза саякаттарды уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү кеңейүүдө. Бул аркылуу туристтер жергиликтүү жашоо образы менен таанышып, айыл чарба иштерине катыша алышат.

Альпинизм
Шаар Теңир-Тоо тоолоруна чыгуучулардын башталгыч чекити катары белгилүү. Анын тегерегиндеги тоолор, айрыкча Хан-Теңири жана Жеңиш чокусу сыяктуу бийик чокулар, дүйнөнүн төрт бурчунан профессионал альпинисттерди өзүнө тартат. Бул аймактар жайкы туризм үчүн эң сонун шарттарды түзүп, тоо сейилдөө жана кемпинг үчүн көптөгөн каттамдарды сунуштайт.

Караколду жөн гана эс алуучу жай катары эмес, көп кырдуу маданияттын, тарыхтын жана жаратылыштын гармониялуу аралашмасы катары кароого болот. Бул шаар ар бир конок үчүн унутулгус тажрыйба тартуулайт.