Таласта 5 миң орундуу стадион жайдын аягында пайдаланууга берилет

Аймак 12 Июнь 2026 17:50
723844801_1510973257168385_2361464630330012519_n.jpg
722302880_1510973337168377_74825554037859779_n.jpg
721779959_1510973227168388_3919952514918158470_n.jpg
721802119_1510973297168381_7635785161173823512_n.jpg
721779955_1510973207168390_3018152745218302894_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Талас шаарындагы борбордук стадиондун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Ведомстводон билдиришкендей, министр подрядчы уюмга объекттеги иштердин сапатына көңүл буруп, жумушчу күчтү көбөйтүү талабын койду. Ошондой эле борбордук стадион эл аралык стандарттарга толук жооп бериши керектигин белгиледи.

Долбоорго ылайык, 5000 орундуу стадиондо батыш жана чыгыш трибуналар, оюнчулар үчүн керектүү бардык шарттар, ошондой эле медиа, VIP-зоналар жана VAR системасын жайгаштыруу каралган. Мындан тышкары, комплексте футболчулар үчүн жатакана, тамактануу жайы жана административдик бөлмөлөр болот.

Белгилей кетсек, стадиондун курулушу 2025-жылдын 9-апрелинде башталган. Объекттини быйыл Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берүү пландалууда.