Бишкек, 16.12.25. /Кабар/. “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркы Кыргыз тоо кыркаларынын түндүк тарабында, Бишкектен түштүктү карай 41 чакырым алыстыкта деңиз деңгээлинен 1600-4800 метр бийиктикте жайгашкан. Парктын аянты — 22 чарчы чакырымдан ашат.
Бүгүнкү күндө "Ала-Арча" паркы жашообуздун айрып алгыс бөлүгү болуп калды. Жайкысын арча жыттанган, кышкысын кар жамынган Ала-Тоо качан барба кучагын жайып тосуп алат. Шаркырап аккан Ала-Арча суусу да келгендердин көз жоосун алат.
Бул жолу “Кабар” агенттиги “Ала-Арча” паркынын кышындагы ажайып кооз сүрөттөрү менен бөлүшөт.