Бишкек, 15.07.26 /Кабар/. "Чакан ГЭС" ААК келе жаткан күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында энергетикалык жабдууларды ишенимдүү иштетүү максатында оңдоо иштерин жүргүзүүдө.
Ишканадан билдиришкендей, учурда ишкананын өндүрүштүк кызматтары тарабынан Лебединовка ГЭСиндеги "ГЭС-5" 35 кВ аба электр чубалгысынын уячасында жабдууларды кезектеги оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат.
Адистер байланыш түйүндөрүн тазалап, элементтерди бекемдеп, жабдуулардын техникалык абалын диагностикалоодон өткөрүшүүдө.
Ошондой эле ток трансформаторлорунда тиешелүү электрдик өлчөөлөр жүргүзүлүп, чубалгылардын негизги элементтеринин жарактуулугу текшерилүүдө.
"Бул алдын алуу иш-чаралары мүмкүн болгон мүчүлүштүктөрдү өз убагында таап, жогорку жүктөм мезгилинде ГЭСтин туруктуу жана коопсуз иштешин камсыз кылат", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, даярдык иштери бекитилген графикке ылайык ырааттуу ишке ашырылууда.