Бишкек, 04.11.25. /Кабар/. Өлкө аймагында абанын температурасы төмөндөп, кыш жакындап келе жатат. Мындан улам ар тармактар кышка даярдык иштери кызуу жүрүүдө. Учурда негизги көңүл жылуулук берүү, көмүр менен жеңилдетилген баада камсыздоо, транспорт каражаттарын кышка даярдоо маселелерине бурулууда. "Кабар" агенттиги бул ирет жогоруда аталган маселелерге кайрылып, окурмандарга кышка камылга көрүүнүн жол-жоболорун сунуштайт.

Көмүр менен камсыздоо жана “кара алтындын” баасы
"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы тарабынан элди туруктуу баада көмүр менен камсыз кылуу максатында бир катар чаралар көрүлүүдө. Алсак, 3-ноябрдан тартып жеке айдоочуларга жана жеке тараптарга Кара-Кече кенине кирүүгө убактылуу чектөө киргизилди. Бул аракеттер көмүр запасын өз убагында жана жетиштүү көлөмдө толуктоо, базардагы бааларды турукташтыруу жана калктын аз камсыз болгон катмарын социалдык баада көмүр менен камсыз кылууга багытталган. Ишкана элге арзан көмүр жеткирүүгө салым кошууну көздөгөн жеке айдоочуларды аймактардагы көмүр саткан базалар менен келишим түзүп, өнөктөштүк негизинде иштөөгө чакырат. Учурда Кара-Кече кенинде күнүмдүк казылып алынган көмүрдүн көлөмү 7 000 - 10 000 тоннага чейин жетип, Бишкек ЖЭБин жана өлкөдөгү социалдык мекемелерди көмүр менен камсыздоодо. 2025-2026-жылдын күз-кыш мезгилинде калкты көмүр менен камсыз кылуу үчүн аймактар боюнча 118 отун базасы жана көмүр сатуу пункттары уюштурулган.
“Кабар” агенттиги өлкөнүн көмүр отунун саткан базалардын даректери менен бааларына кызыгып көрдү.

Бишкекте көмүр саткан кампалардын даректери:
- Кыргыз / Айланма жол көч., контур №902 0505-28-07-02
- Мурманская көч., 1 “Б” 0705-71-87-71
- Сарыкулаков көч., 6 “Б” (Алыкулов) 0709-99-06-53
- Достоевский көч., – Анкара 97 “К” 0705-41-48-03
- Кара-Жыгач конушу, “Оберон-Сары-Өзөн”көч. кесилиши 0709-40-40-51
- Көк-Жар конушу, Полевая көч. (МТФ) 0557-09-99-11
- Көк-Жар конушу, Мадиев көч., 38 0703-97-96-80
- Айланма жол көч., контур 327 (Калыс-Ордо) 0507-04-56-78
- Ак-Жар конушу, Айланма жол көч., контур 1604 0700-22-33-71
- Айланма жол – Кыргыз көч.,, контур №818 0706-72-44-44
- Лебединовка, Калинина көч., 1-линия 8/1 0501-11-11-86
- Ленинское айылы, Айланма жол көч., контур №963 0705-72-57-55
Ош облусунун төмөнкү даректеринде көмүрдүн 1 тоннасы 6 миң сомдон сатылууда:
- Ноокат району Көк-Жар а/а, Ноокат шаары
- Кара-Суу району, Жоош а/а, Кум-Арык айылы
- Кара-Суу району, Савай а/а, Кызыл-Шарк айылы
- Ош шаары, Жибек-Жолу муниципалдык башкармалыгы, С. Айни көч.
- Ош шаары, Жапалак муниципалдык башкармалыгы, Татар айылы, Т. Уларов көч.
- Ош шаары, Алымбек-Датка муниципалдык башкармалыгы, Нагорная көч.
Ошондой эле Чүй облусунун Жайыл районунда 4 көмүр базада, Сокулук районунда 7, Москва районунда 5, Ысык-Ата районунда 4, Аламүдүн районунда 3, Токмок шаарында 5 базада ошондой эле Кеминде, Суусамыр айылында кампалар иштеп, көмүрүнүн тоннасы 5500 - 6300 сомдон сатылууда.
ӨКМ айдоочуга сак болууну эскертет
Айдоочулардын көбү аба ырайына ылайык, унаа дөңгөлөктөрүн кышкысына алмаштыра башташты. Авто тейлөө кызматтарынын маалыматына караганда, акыркы жумада унаа дөңгөлөктөрүн алмаштырууга суроо-талап 30-40 пайызга өскөн. Ал арада Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларды жол эрежесин так сактоого, унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга жана жолдо жүрүүдө этият болууга чакырат. Маалымдалгандай, учурда аба ырайынын катаалдашына байланыштуу жайкы дөңгөлөктүү унаалар “Сосновка” жана “Арал” постторунан өткөрүлбөй жатат. Ошондой эле ӨКМ айдоочуларга төмөнкүлөрдү эскертет:
- унааңыздын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырыңыз;
- алыскы жолго чыксаңыз, дары-дармек, суу, тамак-аш, күрөк жана дөңгөлөк чынжырчасын унутпаңыз;
- унаалардын ортосундагы аралыкты (500 метрге чейин) сактаңыз;
- зарылчылык болбосо, алыскы жолго чыкпай туруңуз;
- кырсык болгондо күнү-түнү иштөөчү 112 номерине чалыңыз (чалуу акысыз).

Эскерте кетсек, Кыргызгидромет 4-5-ноябрь күндөрү өлкө аймагында жаан жаап, карга айланаарын эскертет. Учурда Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларында оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө күчүндө.