Бишкек, 20.08.26. /Кабар/. Бишкек шаарында электр тармактарын 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ишканасынан билдиришти.
Батыш РЭТинин кызматкерлери Логвиненко жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан №149 трансформатордук көмөк чордонун модернизациялап, эски жабдуунун ордуна заманбап комплекттүү трансформатордук көмөкчордон орнотушту.
Модернизация электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатып, авариялык кырдаалдардын тобокелдигин азайтууга жана электр энергиясына жүктөм көбөйгөн күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү туруктуу камсыздоого шарт түзөт.