Кышка даярдык: 902 чакырымдан ашык электр линиясы жаңыланат

Коом 23 Июль 2026 17:25
753729905_1499030568934346_170676720512205967_n.jpg
752952432_1499030715600998_4401121054825631459_n.jpg
753169592_1499030672267669_5780873204553700380_n.jpg
753396695_1499030432267693_3863045727844360748_n.jpg
754298096_1499030772267659_5919663874447820246_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ААК

Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында 902 чакырымдан ашык электр линияларын (СИП) жаңылоону пландап жатат.

Компаниянын маалыматына ылайык, учурда энергетиктер 406,02 чакырым кабелди монтаждап бүттү. Анын ичинен 0,4 кВ чыңалуудагы СИП-2 кабели – 153,8 чакырым, 6/10 кВ чыңалуудагы СИП-3 – 176,3 чакырым жана магистралдык аба линиясы боюнча 76,1 чакырым кабель орнотулган.

Белгиленгендей, СИП-кабелдерин колдонуу электр тармактарындагы авариялык өчүүлөрдүн алдын алууга, электр энергиясынын жоготууларын азайтууга жана керектөөчүлөр үчүн коопсуздукту жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Иштер бекитилген графикке ылайык улантылууда.