Кышка даярдык: 7 айда 149 көмөк чордон оңдолду

Коом 21 Август 2026 16:20
WhatsApp Image 2026-08-21 at 16.10.35.jpeg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда электр тармактарын күз-кыш мезгилине даярдоо иштери жылдагыдай эле жаз айларында башталып, учурда көмө кчордондордун жана электр жабдууларын оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу “Кыргыз улуттук электр тармагы” ААКнын Өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн жетекчиси Кубанычбек Исмаилов “Кабар“ агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, 2026-жылдын 7 айынын жыйынтыгы менен 149 көмөк чордондун жабдуулары оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Ошондой эле электр жабдуулары капиталдык оңдоодон жана техникалык тейлөөдөн өткөрүлүүдө.

“Негизи энергетиктерде жаз келери менен эле кийинки кышка даярдык көрүү иштери башталат. Биз графиктин негизинде аба чубалгыларды, көмөк чордондорду оңдоп-түзөөдөн өткөрөбүз”, - деди Исмаилов.

Маалымдалгандай, сентябрь айынын аягында атайын комиссиялар түзүлүп, ар бир облуста кышка даярдык иштеринин жүрүшү жеринен текшерилет. Текшерүүнүн жыйынтыгында талаптарга жооп берген ишканаларга даярдык паспорту берилет. Ошондон кийин гана ишкананын күз-кыш мезгилине даярдыгы тууралуу чечим кабыл алынат.

Исмаилов учурда электр тармагында эскирген жана жаңы орнотулуп жаткан жабдуулар бар экенин өз сөзүндө айтып өттү. Анын айтымында, техникалык талаптарга ылайык трансформаторлор кеминде 25 жыл иштөөгө эсептелген.

“Эгер ашыкча жүктөм болбой, өзүнүн техникалык шартында иштесе трансформаторлор 25 жылдан ашык убакыт деле иштей берет. Бирок, азырынча техникалык прогресске жете алган жокпуз деп айтсак болот”, - деди ал.