Кыргызстан энергетикалык коопсуздугун кантип бекемдейт? Эксперттик талкуу

Коом
WhatsApp Image 2026-10-28 at 14.32.36.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-28 at 14.33.21.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-28 at 14.32.49.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-28 at 14.33.08.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-28 at 14.32.36.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-28 at 14.33.21.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-28 at 14.32.49.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-28 at 14.33.08.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Кыргызстандагы энергетикалык туруктуулукту камсыз кылуу, дүйнөлүк отун-энергетика рыногундагы өзгөрүүлөрдүн тобокелдиктери жана мүмкүнчүлүктөрү Улуттук илимдер академиясында өтүп жаткан тегерек столдо талкууланууда.

Аталган талкуу “Ой Ордо” эксперттик демилгелер борбору тарабынан президенттин алдындагы Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун аянтчасында уюштурулууда.

Иш-чарага Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов, экономисттер, тармак боюнча эксперттер катышууда. Анда дүйнөлүк отун-энергетика рыногундагы өзгөрүүлөрдүн шартында Кыргызстандын энергетикалык туруктуулугун камсыз кылуу маселелери каралууда.

Мындан тышкары, энергетикалык коопсуздукту чыңдоо, аймактагы мамлекеттер менен кызматташтыкты кеңейтүү жана эл аралык энергетика рыногундагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен өз ара пайдалуу кызматташтык механизмдерин иштеп чыгуу маселелерине көңүл бурулууда.