Кырсыктын алдын алуунун эң натыйжалуу жолу турак жайды камсыздандыруу

Коом Загрузка... 09 Июль 2025 18:28
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Жаз-жайдын келиши менен жамгыр жаап, өлкөдө сел жүрө баштайт. Адатта май-июль айларында нөшөрлүү жаан-чачындын кесепетинен тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүп, турак жайларга, жолдорго, көпүрөлөргө жана айыл чарба жерлерине зыян келтирет.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 1-январынан 8-июлуна чейин республика боюнча жалпы 59 сел катталган. Селдин кесепетинен жабыркагандар жана каза тапкандар катталган эмес.

WhatsApp Image 2025-07-09 at 17.27.28 (1).jpeg

Бирок, тилекке каршы 8 турак үй жабыркап, сел 145 короону 10 жер төлөөнү, 3 чарбалык курулушту, 3 социалдык объектини, 20 гектар айдоо аянтын каптаган. Жалпы келтирилген материалдык чыгымдын көлөмү 1 млн 980 миң сомду түзгөн.

“Министрлик тарабынан селдин алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүп, коргоо дамбалары, сел өткөрүү каналдары тазаланып, эл кооптуу жерлерден убактылуу коопсуз жайларга көчүрүлгөн”,-деп айтылат министрликтин маалыматында.

Белгиленгендей, учурда дагы сел кооптуулугу жогору бир нече аймак бар.

WhatsApp Image 2025-07-09 at 17.27.28 (3).jpeg

ӨКМдин маалыматына ылайык, 8-11-июль күндөрү күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайы жана жаан-чачын республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда, айрыкча Чүй облусунун Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл, жана Панфилов райондорунда, Ысык-Көл облусунун Түп, Ысык-Көл, Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Тоң райондорунда, Нарын облусунун Жумгал, Кочкор жана Нарын райондорунда, Талас облусунун Айтматов, Манас, Бакай-Ата жана Талас райондорунда, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Аксы, Токтогул, Ноокен, Базар-Коргон, Сузак жана Тогуз-Торо райондорунда, Ош облусунун Өзгөн, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Чоң-Алай жана Алай райондорунда, Баткен облусунун Лейлек, Баткен жана Кадамжай райондорунда ошондой эле Бишкек, Ош шаарларынын аймактарында кооптуу табигый процесстердин активдешүүсүнө алып келиши мүмкүн.

WhatsApp Image 2025-07-09 at 17.27.29 (1).jpeg

Табийгый кырсыктардын алдын алуунун бирден-бир натыйжалуу жолу бул турак жайды камсыздандыруу. Бул механизм жарандар үчүн коопсуздуктун кепилдиги болуп саналат. Камсыздандыруу аркылуу сел, жер көчкү, өрт жана башка күтүлбөгөн кырсыктардан жабыркаган учурда материалдык компенсация алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

WhatsApp Image 2025-07-09 at 17.27.28.jpeg

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маалыматына ылайык, жыл башынан бери 363 миң 679 турак жай камсыздандырылган. Ал эми камтуу 29,1 пайызды түзгөн. 123 үй- бүлөгө жардам көрсөтүлүп, 14,637 млн сом каражат төлөнгөн.

Аймактарга бөлүп карай турган болсок:

  • Бишкек шаарында- 4 үй-бүлөгө (1,96 млн сом )
  • Чүй облусунда - 4 (600 миң )
  • Талас облусунда – 6 (227 миң)
  • Нарын облусу-9 (5,86 млн)
  • Ысык-Көл облусу-33 (160 миң)
  • Жалал – Абад облусунда – 23 (4 млн)
  • Баткен облусунда - 10 (1,15 млн)

Ал эми өткөн жылы жалпы турак жай боюнча 240 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлүп, 37 млн сом төлөнгөн.

WhatsApp Image 2025-07-09 at 17.27.29 (2).jpeg

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун басма сөз катчысы Ильич Кулназаровдун айтымында, камсыздандыруу өзүңдү, үй-бүлөңдү, мүлкүңдү кырсыктардан коргоо болуп саналат. Тагыраагы, кырсыктын алдын алуу.

Учурда аймактарда камсыздандыруунун баасы болгону 600 сом. Ал эми борбор каалада 1 миң 200 сом.

“Камсыздандыруунун пайдасы абдан көп. Жылына болгону 600 сом менен турак жайын камсыздандырып, камсанабай жүрүүгө болот. Сел, шамал, өрт дегеле кандай гана табийгый кырсык болбосун материалдык чыгымдын өлчөмүнө жараша төлөнүп берилет. Турак жайын камсыздандырган жаран, кандай гана кырсык болбосун, финансылык колдоо дайыма бар деген ишеним менен жүрө алат.

Соңку учурда турак жайларын камсыздандырган жарандардын саны өсүүдө. Кыргызстан учурда камсыздандыруунун саны боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинде биринчи орунда турат”, - деди ал.

WhatsApp Image 2025-07-09 at 17.27.29 (3).jpeg

Кулназаров ошондой эле кырсык болгон учурда камсыздандырылган турак жайдын материалдык чыгымы кандай тартипте төлөнүп берилерин айтып берди.

“Кайсыл бир аймакта, сел болобу, өрт болобу, кырсыктын кайсы түрү болбосун алгач алар ӨКМге кайрылуусу керек. ӨКМ жерине барып кырсыктын материалдык чыгымынын баасын эсептеп бизге беришет. Анын негизинде биздин адистер турак жайдын камсыздандыруу полиси барбы, жокпу такташат. Эгерде турак жай камсыздандырылган болсо, материалдык чыгым дароо ошол күнү төлөнүп берилет”,-деди ал.