Кырсык айтып келбейт. ОСАГО полиси эмне үчүн маанилүү?

Коом Загрузка... 17 Июнь 2025 15:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Кыргызстанда автоунаалардын саны туруктуу түрдө өсүүдө. Расмий маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күндө өлкөдө 1 млн 700 миңдин тегерегинде автоунаа катталган. Унаалардын көбөйүшү менен жол кырсыктары да арбыгандыктан, кырсык менин башыма келбейт деген кепилдик жок.

“ОСАГО” жөнүндөгү мыйзам 2016-жылы күчүнө киргени менен буга чейин аны алуу милдеттүү түрдө эмес эле. Саналуу күндөрдөн кийин камсыздандыруу полисин албаган автоунаалардын айдоочуларына мыйзам чегинде айып пул салына баштайт. Башкача айтканда, унаасы бар ар бир адам камсыздандыруу полисин алганга милдеттендирилет. Бул себептен улам коомчулукта ОСАГО жана анын мааниси тууралуу суроолор да жаралууда.

ОСАГО – бул автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу программасы. Анын өзгөчөлүгү - кырсык болгон учурда камсыздандыруу компаниясы келтирилген зыяндын ордун үчүнчү жактарга төлөп бергендигинде. Тактап айтканда, сиз кырсыкка кабылып күнөөлүү болуп калган учурда, келтирилген чыгымды камсыздандыруу уюму төлөп берет. Чынында, бул жөн гана кагаз эмес — коргонуу механизми болуп саналат.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу башкармалыгынын жетекчиси Актан Турумбеков “ОСАГО” тууралуу мындай дейт: “Жөнөкөй сөз менен айтканда, жарандар кырсыкка кабылган учурда чыгымды бири-биринен доолап отурбастан, камсыздандыруу компаниясына ишеним арта алышат.

Көп өлкөлөргө камсыздандыруунун бул түрү эчак киргизилген. Айрым өлкөлөрдө 20 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келе жатат. Бул көрсөткүч эмнени айтып турат? Анын зарылдыгын, чынында эле иштей тургандыгын көрсөтүп турат. Болбосо колдонуп жаткан өлкөлөр аны жоюп салышмак. Демек, бизге дагы өтө зарыл нерсе. Анын кандай экенин билиш үчүн, адегенде бул мыйзам иштеши керек. Ошондо гана полистин пайдасын көрө баштаган жарандар өздөрү күбө болушат”, - деди ал.

1-июлдан тарта унааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу талап кылынып, мөөнөтүнөн кечиккендерге 3000 сомдун тегерегиндеги айып пул салынат. Ал эми камсыздандыруунун 1 жылдык баасы жеңил унаалар үчүн 1680 сомдон баштап, 2600–2800 сомдун тегерегиде. Айып пул бир эле жолу эмес, бир нече жолу салынышы мүмкүн.

Белгилей кетсек, транспорт ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жана аны менен катар 15 жеке камсыздандыруу компаниялары жүргүзөт. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму аркылуу жүргүзүүнүн артыкчылыгы - мамлекеттик деп аты аталып тургандай мамлекеттин кепилдиги бар.

Жеке ишкер Абазов Жоомарт үстүбүздөгү жылдын февраль айында Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан ОСАГО полисин алган.

“Кырсык май айында болду. Курманжан датка көчөсүнөн каршы тилкеде келе жаткан унаа мени сүзүп кетти. Буга байланыштуу уюм мага 95 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын төлөп берди. Ошентип ортодогу маселебиз оңой чечилди.

Мамлекеттик камсыздандырууну тандагандыгымдын максаты – биринчиден кепилдиги болду. Себеби, мамлекеттик болгондугу үчүн олуттуу, алдап кетпейт деп ишендим. Башкаларга дагы ОСАГОну алууну сунуштайм”, - деди ал.

Жарандар ОСАГО полисин уюмдун кеңсесине барып, ал эми убактысы тартыштар онлайн түрүндө катталып алса болот. Ал үчүн strahovanie.kg сайтына же Мбанк, MegaPay, О-Деньги тиркемелерине кирүү жетиштүү.

Жыйынтыктап айтканда, ОСАГО - бул жөн эле кагаз эмес, күтүлбөгөн кырсык учурунда айдоочунун жоопкерчилигин жеңилдеткен, жабыр тарткан тараптын укугун коргогон жана коомдогу жалпы тартипти камсыздаган мыйзамдуу механизм десе болот.

Камсыздандыруу - айдоочулук маданияттын үлгүсү.