Бишкек, 30.07.26. /Кабар/. Шаардык инфраструктураны өнүктүрүү жана тургундардын коопсуздугун камсыздоо багытындагы иштердин алкагында Кырман конушунда тышкы жарыктандыруу системасын орнотуу иштери аяктады.
Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришкендей, анын алкагында 7 чакырым 915 метр көчөгө заманбап жарык берүүчү жабдуулар орнотулду. Жалпысынан 124 энергияны үнөмдөөчү светодиоддук чырак жана 197 көчө жарыгы пайдаланууга берилди.
Жаңы жарыктандыруу системасы көчөлөрдү түнкүсүн сапаттуу жарыктандырып, жөө жүргүнчүлөрдүн жана айдоочулардын коопсуздугун жогорулатууга шарт түзөт. Ошондой эле светодиоддук технология электр энергиясын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.
Долбоор жаңы конуштун жашоочулары үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган.