"Кыргызжолтрансдолбоор" ишканасына 5 кызматтык унаа тапшырылды

Коом 5 декабрь 2025 11:51
595545893_1164279345880810_4946514916095417603_n.jpg
594070637_1164279342547477_5257499630874685028_n.jpg
594168744_1164279512547460_9209586534954487944_n.jpg
Алдыга
Артка
595545893_1164279345880810_4946514916095417603_n.jpg
594070637_1164279342547477_5257499630874685028_n.jpg
594168744_1164279512547460_9209586534954487944_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 05.12.25. /Кабар/. "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасына JAC үлгүсүндөгү 5 кызматтык унаа тапшырылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, унааларды министр Абсаттар Сыргабаев тапшырып, ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында алынган унаалар кызматтык иштин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн берилип жатканын билдирди.

Жаңы транспорт каражаттары заманбап талаптарга толук жооп берип, айрыкча тоолуу жана рельефи татаал аймактарда жүргүзүлө турган жаңы жолдордун долбоорлорун даярдоодогу инженердик-изилдөө иштеринде кызматкерлердин күнүмдүк жумушун жеңилдетет.

Белгилей кетсек, ата мекендик Tulpar Motors заводунан чыккан унаалар буга чейин "Кыргызавтожол-Түндүк", "Кыргызавтожол-Түштүк" мамлекеттик ишканаларына да тапшырылган. Аталган унаалар Жол тейлөө ишканалардын өз каражатынын эсебинен, бөлүп төлөө жолу менен сатып алынды.