Дүйнө чемпионаты: Амантур Исмаилов коло медаль жеңди

Спорт
Дүйнө чемпионаты: Амантур Исмаилов коло медаль жеңди
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Грек-рим күрөшү боюнча балбан Амантур Исмаилов Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль жеңди.

Ал грек-рим күрөшү боюнча 72 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.

Ал алгач Түркиянын өкүлү Арслан Женгизди 9:1, андан соң Кытайдын балбаны Цзи Лэнди 8:0 эсебинде жеңген.

Чейрек финалда кыргызстандык балбан Ирандын өкүлү Даниал Сохрабиге 0:9 эсебинде утулуп калган. Ирандык балбан финалга чыккандыктан, Амантур Исмаилов көңүл жубатуучу беттеште Швециянын өкүлү Хенрик Кристоффер Даленди 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, коло медаль үчүн күрөшүүгө жолдомо алган.

Үчүнчү орун үчүн беттеште Исмаилов Россиянын балбаны Мингиян Горяев менен кез келип, аны 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди.

Бул Кыргызстан үчүн дүйнө чемпионатындагы экинчи коло медаль болду. Буга чейин Акжол Махмудов дагы коло медаль жеңген.