Кыргызстанга жумуртка алып кирүүгө тыюу салуу каралууда

Экономика Загрузка... 09 Апрель 2025 18:06
09d87c09-8a7b-477e-8901-7cfb4c092766.png
copyright icon WWW

Бишкек, 09.04.25. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстандын аймагына тоок жумурткаларын алып кирүүгө (импорттоого) 6 айга чектөө киргизүүнү караштырууда. 

Ведомстводон билдиришкендей, бул чара ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого багытталган. Убактылуу чектөө киргизилгенден кийин ата мекендик канаттуулар ишканалары тарабынан тоок жумурткаларын өндүрүү жана импорттук продукцияга болгон атаандаштыкка жөндөмдүүлүк жогорулайт. Бул чара тышкы жеткирүүлөрдөн көз карандылыкты олуттуу азайтууга мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын негизинде ата мекендик фабрикалардын тоок жумурткаларын өндүрүү кубаттуулугу артты. Натыйжада, тыштан ташылган жумуртканын көлөмү азайып акыркы үч айда 1 млн 836 миң даана болсо, экспорт 8 млн 800 миң даанага жетти.