Кыргызстанга заманбап трансформаторлордун алгачкы партиясы келди

Коом 124 19 Август 2026 14:10
780238936_18116047265476120_3379028153078402637_n.jpg
774962856_18116047280476120_2984219929624166388_n.jpg
774832397_18116047295476120_7030004019265255788_n.jpg
775319119_18116047334476120_2456607830622001799_n.jpg
778928287_18116047310476120_3785965994774848627_n.jpg
780909621_18116047322476120_1181134923932636465_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. Кыргызстанга бөлүштүрүүчү электр тармактары үчүн заманбап өлчөөчү трансформаторлордун алгачкы партиясы жеткирилди.

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, жабдуулар "Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун "Бөлүштүрүүчү тармакты санариптештирүү" багытынын алкагында алынууда.

Бул максатта "АльянсСпецТех" ЖЧКсы менен 41 млн 640 миң сомдук келишим түзүлүп, жалпысынан 90 комплект өлчөөчү трансформатор жеткирилет.

"Учурда келген биринчи партиянын баасы 13 млн 638 миң сомду түзөт. Анын курамында 10 жана 35 кВ чыңалуудагы ток жана чыңалуу трансформаторлору бар", - деп айтылат маалыматта.