Бишкек, 09.07.26. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде саркынды сууларды тазалоочу заманбап жабдууларды чыгарган "Евролос" компаниясынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өттү.
Ведомстводон билдиришкендей, тараптар өлкөнүн туристтик аймактарында, эс алуу жайларында жана борборлоштурулган канализациясы жок айыл-кыштактарда жергиликтүү тазалоочу курулмаларды киргизүү келечегин талкуулашты.
"Евролос" компаниясынын монолиттүү пластиктен жасалган жабдуулары сууну биологиялык жактан толук тазалоодон өткөрөт. Бул курулмалар убакыттын өтүшү менен чирип, жер алдындагы таза сууларды булгаган эски бетон септиктерге караганда алда канча коопсуз жана заманбап альтернатива болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар техникалык маалымат алмашууну улантууну жана жакын арада Кыргызстанда алгач сыноо иретинде пилоттук долбоорлорду баштоону макулдашты.