Кыргызстанга Өзбекстандын курулуш министри Шерзод Хидоятов келди

Коом 01 Август 2025 09:00
525867664_1256717205927326_107384943347384010_n.jpg
525295793_1256717279260652_5861098203017428825_n.jpg
525493343_1256717319260648_8111235224764027862_n.jpg
525725178_1256717269260653_48161672861282161_n.jpg
525977083_1256717359260644_7431895800710693709_n.jpg
526537262_1256717299260650_1686179322024868658_n.jpg
526545714_1256717239260656_8715619309359335863_n.jpg
526630407_1256717189260661_670001369898441027_n.jpg
526745217_1256717345927312_1927840214936068713_n.jpg
526870258_1256717229260657_2440004533065374216_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 01.08.25. /Кабар/. Күн мурун Бишкекке Өзбекстандын курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министри Шерзод Хидоятов баштаган делегация келди.

Кыргызстандын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, делегация Кыргызстандын курулуш боюнча биринчи мамлекеттик органынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чарага катышат.

Курулуш министри Нурдан Орунтаев Өзбекстандан келген делегация менен жолукту. Ошондой эле аларды борбор калаадагы курулуш объектилери менен тааныштырып, курулуш жаатындагы эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө жана талкуулоо үчүн сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрү пландалган.

Белгилей кетсек, Курулуш министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чара 1-августта өтөт.