Кыргызстанга Кытайдан мунай продуктуларын жеткирүү көлөмү көбөйөт

Министрлер кабинети 139 17 Август 2026 22:20
6a831fa43e9ee-thumb.jpeg
6a831facdf4a4-thumb.jpeg
6a831fb8406f4-thumb.jpeg
6a831fbe98291-thumb.jpeg
6a831fc1a00e9-thumb.jpeg
6a831fc8368d7-thumb.jpeg
6a831fefc3ef4-thumb.jpeg
6a83202e8116a-thumb.jpeg
6a83202ee6307-thumb.jpeg
6a83203f2afe9-thumb.jpeg
6a832022a6d9f-thumb.jpeg
6a832027ec799-thumb.jpeg
6a832028cdc2f-thumb.jpeg
6a832038af47b-thumb.jpeg
6a832043b353d-thumb.jpeg
6a83202708fa7-thumb.jpeg
6a8320223545a-thumb.jpeg
6a83202570386-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
6a831fa43e9ee-thumb.jpeg
6a831facdf4a4-thumb.jpeg
6a831fb8406f4-thumb.jpeg
6a831fbe98291-thumb.jpeg
6a831fc1a00e9-thumb.jpeg
6a831fc8368d7-thumb.jpeg
6a831fefc3ef4-thumb.jpeg
6a83202e8116a-thumb.jpeg
6a83202ee6307-thumb.jpeg
6a83203f2afe9-thumb.jpeg
6a832022a6d9f-thumb.jpeg
6a832027ec799-thumb.jpeg
6a832028cdc2f-thumb.jpeg
6a832038af47b-thumb.jpeg
6a832043b353d-thumb.jpeg
6a83202708fa7-thumb.jpeg
6a8320223545a-thumb.jpeg
6a83202570386-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 17.08.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытай мунай жана химиялык корпорациясынын (China Petroleum & Chemical Corporation — Sinopec) директорунун орун басары Тянь Хунбинь менен жолукту. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө негизинен тараптар “Sinopec” корпорациясы менен Кыргызстандын күйүүчү-майлоочу материалдары менен иш жүргүзгөн компанияларынын ортосунда түз байланыштарды орнотуу жана Кыргызстанга мунай продуктуларын жеткирүүгө байланышкан маселелер каралды. 

Минкаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков баштаган кыргыз делегациясынын негизги курамын Кыргызстанда мунай менен иш жүргүзгөн ондон ашуун компаниянын жетекчилери түзөт, жолугушууда буга чейин келишим түзгөн компаниялардын  маселелери да каралды. 

“Кыргызстанда мунай продуктулары менен иш жүргүзгөн ар бир ишкердин түздөн-түз иш алып баруусу үчүн жана маселени жеринде көрүп таанышуусу үчүн делегациянын курамына коштук. Кыргызстан Кытайдан мунай продуктуларын жеткирүү көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар. Бул багыт чоң келечекке ээ жана өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин алкагындагы кызматташтыктын узак мөөнөттүү багыты болуп саналат деп эсептейм”, - Эрлист Акунбеков. 

Өз кезегинде мунай жана газ тармагындагы дүйнөдөгү эң ири компаниялардын ичинен алтынчы орунда турган “Sinopec” корпорациясынын директорунун орун басары Тянь Хунбинь, буга чейин түзүлгөн биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну жана мунай тармагында жаңы багыттарда иш алып барууга кызыкдар экенин билдирип, “Sinopec” корпорациясынын тарыхы жана ишмердүүлүгү менен тааныштырды. 

Жолугушуунун соңунда курамына тиешелүү мамлекеттик органдар жана компаниялар кирген жумушчу топтор, Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдарды жеткирүүгө байланыштуу транспорт, бажылык жол-жоболоштуруу, соода жүгүртүү жана башка тиешелүү маселелерди талкуулашты.