Кыргызстанга германиялык ишкерлердин кызыгуусу өсүүдө – элчи

Саясат Загрузка... 13 Октябрь 2025 17:05
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 13.10.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргызстанндагы элчиси Моника Ленхардды кабыл алды.

"Германиянын Кыргызстандагы элчиси катары өз милдеттеримди аткарууга киришкениме абдан кубанычтамын. Мен биздин эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө, ошондой эле эл аралык уюмдардын ортосундагы аймактык форматтагы кызматташтыкка активдүү көмөк көрсөтүүнү көздөп жатам. Бизде көптөгөн жалпы кызыкчылыктар бар, алардын негизгиси – экономикалык өнүгүү. Кыргызстанга немец бизнесинин кызыгуусу өсүп жатканын көрүп турабыз. Мындан тышкары, маданият тармагы биз үчүн өтө маанилүү.

1.jpg

Жакынкы арада Кыргызстанда биргелешкен Германия-Франция маданий институтун ачууга үмүттөнүп жатабыз. Бул менин бул жердеги ишимдин мезгилинде ишке ашат деп ишенем", - деп белгиледи Моника Ленхард.

Ошондой эле ал Кыргызстанда биринчи жолу болгонуна карабастан, буга чейин Германиянын Тышкы иштер министрлигинде Борбор Азия тармагында иштеген жана Түштүк Кавказ жана Борбор Азия бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары кызматын ээлегенин белгиледи. "Мен ал кезде да Кыргызстандагы абалды кылдаттык менен көзөмөлдөп турганмын", - деп кошумчалады дипломат.