ЕАЭБ жеңилдик берди: Кыргызстанга эт, кант жана жемиштер бажы төлөмсүз кирет

Экономика Загрузка... 03 Февраль 2026 10:46
кето диета үчүн тамак-аш.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 03.02.26. /Кабар/. Евразиялык экономикалык комиссиянын 30-январдагы жыйынында Кыргызстандын агроөнөр жай комплексин колдоого багытталган бир катар чечимдер кабыл алынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Кабыл алынган документтерге ылайык, Кыргызстанга ички керектөө жана кайра иштетүү үчүн келүүчү маанилүү товарлар бажы төлөмдөрүнөн бошотулат.

Ири мүйүздүү малдын эти

  • мөөнөтү: 2026-жылдын 31-декабрына чейин.
  • көлөмү: 5 миң тоннага чейин (жаңы, муздатылган же тоңдурулган).
  • шарты: Жеңилдик ырастоочу документи бар импорттоочуларга гана берилет.
  • чектөө: Этти кайра иштетүүчү ишканалар гана колдоно алат. Даяр продукцияны ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоого тыюу салынат.

Кант:

  • мөөнөтү: 2026-жылдын 31-декабрына чейин.
  • көлөмү: 20 миң тоннага чейин (камыш кант-сырьёсу).
  • шарты: Өлкө ичинде өнөр жайлык кайра иштетүү үчүн гана колдонулат.

Какао продукциясы

  • мөөнөтү: жыл сайын 2027-жылдын 30-апрелине чейин.
  • көлөмү: 300 тонна какао-майы.

Кабыл алынган чаралар төмөнкүлөргө багытталган:

— ички рынокту туруктуу камсыз кылуу;
— кайра иштетүүчү ишканаларды колдоо;
— социалдык жактан маанилүү продукцияларга баалардын өсүшүн чектөө;
— Кыргызстандын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү.