Быйылкы жылдын эсебинен өлкөгө Европадан алгачкы туристтик поезд келди

Коом 1038 08 Апрель 2025 11:15
489750623_971372581871244_1298148746381932319_n.jpg
488622660_971373085204527_2323858293838513635_n.jpg
488955134_971373888537780_2524464873117107528_n.jpg
489031287_971372671871235_3212992436778127205_n.jpg
489328630_971372738537895_9092630016223442198_n.jpg
489382360_971372975204538_7176555921776225476_n.jpg
489540030_971372881871214_4609780422234918444_n.jpg
489614278_971372498537919_612310202413458624_n.jpg
490086321_971373195204516_3539744289433134309_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon "Кыргыз темир жолу"

Бишкек, 08.04.25. /Кабар/. Күн мурун Бишкек шаарына Европа өлкөлөрүнөн туристтер менен биринчи туристтик поезд келди. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Буга чейин Lernidee Erlebnisreisen GmbH (Лернидее Эрлебнисрайзен ГмбХ) туристтик компаниясынын өкүлдөрү "Кыргыз темир жолу" ишканасына Кыргызстан аймагында темир жол аркылуу туристтик тур уюштуруу өтүнүчү менен кайрылышкан. Бул кайрылууга мамлекеттик ишкана меймандардын каалоолорун эске алуу менен темир жол аркылуу коопсуз жүрүүнү камсыз кылып, тиешелүү жардамын көрсөткөн.

Туристтик поезддин багыты Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстанды камтыйт. Поезд курамында 11 вагон бар, ал эми жүргүнчүлөрдүн жалпы саны 80ден ашык. Келген коноктор бүгүн Ала-Арча капчыгайында болушуп, Бишкекти кыдырышат. Ал эми эртең поезд менен Балыкчы шаарына (Ысык-Көл облусуна) барышат.

Белгилей кетчү жагдай, мындай туристтик поезддер 2023 жана 2024-жылдары да Кыргызстанга келген жана чет элдик туристтер арасында кызыгуу жаратып келет.

2025-жылы биринчи туристтик поезддин келиши Кыргызстанды келечектүү туристтик багыт катары көрсөтүп, эл аралык туризм тармагындагы кызматташууну чыңдоого өбөлгө болот.

Өз кезегинде "Кыргыз темир жолу" МИ ички туризмди өнүктүрүүгө олуттуу салым кошуп, өлкө аймагында темир жол аркылуу коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүнү камсыздап келүүдө.