БУУдагы элчилер Кыргызстандын глобалдык демилгелерин жогору баалады — Кабар

БУУдагы элчилер Кыргызстандын глобалдык демилгелерин жогору баалады

Саясат 29 январь 2026 13:25
624611098_1311920810971426_5912696358214473707_n.jpg
623197565_1311921580971349_2690371794585249571_n.jpg
622368732_1311921690971338_2439812874665017093_n.jpg
623096085_1311921494304691_5831366970316364007_n.jpg
623054625_1311921484304692_8652094913209826005_n.jpg
623256062_1311921600971347_6117793046263775354_n.jpg
623350651_1311921477638026_5395893444325123475_n.jpg
624568124_1311921627638011_4523503534673226573_n.jpg
Алдыга
Артка
624611098_1311920810971426_5912696358214473707_n.jpg
623197565_1311921580971349_2690371794585249571_n.jpg
622368732_1311921690971338_2439812874665017093_n.jpg
623096085_1311921494304691_5831366970316364007_n.jpg
623054625_1311921484304692_8652094913209826005_n.jpg
623256062_1311921600971347_6117793046263775354_n.jpg
623350651_1311921477638026_5395893444325123475_n.jpg
624568124_1311921627638011_4523503534673226573_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ТИМ

Бишкек, 29.01.26. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстанга келген БУУнун алдындагы 9 мамлекеттин туруктуу өкүлдөрү менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө ТИМ башчысы Андорра, Габон, Гайана, Гватемала, Гвинея-Бисау, Намибия, Сент-Китс жана Невис, Чад жана Түштүк Судан мамлекеттеринин БУУдагы элчилерине өлкөдө жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык өнүгүү жаатындагы масштабдуу реформалар тууралуу маалымат берип, Кыргызстандын жетишкендиктерине кеңири токтолду.

Ошондой эле 2026-жылы өтө турган маанилүү эл аралык иш-чаралар — ШКУнун саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жөнүндө айтып берди. Министр Кыргызстан үчүн БУУ менен кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, уюм өлкөнүн тышкы саясатында борбордук орунду ээлей турганын билдирди, ошондой эле Кыргызстандын демилгелери жана БУУга мүчө башка мамлекеттер менен өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулады.

Өз кезегинде туруктуу өкүлдөр Кыргызстан тарабынан глобалдык демилгелерди илгерилетүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ишмердүүлүккө жогору баа беришти. Атап айтканда, климаттын өзгөрүшү, тоо күн тартиби, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, туруктуу өнүгүү, тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелериндеги салымын белгилешти. Ошондой эле Кыргызстан менен көп тараптуу да, эки тараптуу форматта да кызматташууну тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, дүйнөдөгү геосаясий абал, Борбор Азиядагы кызматташтык жана башка глобалдык маселелер боюнча пикир алмашты.

Программанын алкагында элчилер кышкы туризм объектилерин, алдыңкы технологиялар жаатында тажрыйба алмашуу максатында бир катар мамлекеттик мекемелерди, ошондой эле БУУнун Үйүн жана өлкөнүн тарыхый-маданий көрнөктүү жайларга барышты.