Кыргызстанга Беларустан күйүүчү май алып келүү боюнча келишим түзүлдү - Эшатов

Экономика Загрузка... 07 Ноябрь 2025 16:50
WhatsApp Image 2025-11-07 at 16.47.04 (1).jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 07.11.25 /Кабар/. Кыргызстанга Беларустан белгилүү бир көлөмдө күйүүчү май ташылып келет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын төрагасы Канат Эшатов билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө күйүүчү майдын запасы азайып бара жаткандыктан, бул маселени чечүү боюнча Министрлер кабинети менен жолугушуулар өткөрүлүп, тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

“Учурда биздин бир компания Беларустан бир компания менен келишим түздү. Анын негизинде күйүүчү май белгилүү бир көлөмдө ошол мамлекеттен ташылып келмекчи. Мындан тышкары, башка компаниялар да Азербайжан, Түркмөнстан жана Кытай сыяктуу өлкөлөр менен сүйлөшүү иштерин жүргүзүп жатышат”,-деди Эшатов.

Ал ошондой эле акыркы он күндүн ичинде күйүүчү майдын баасы орто эсеп менен 1,5 сомго кымбаттаганын белгиледи.