Кыргызстанга “Асман Эйрлайнс” компаниясынын үчүнчү учагы келет

Коом Загрузка... 28 Август 2025 17:20
WhatsApp Image 2025-08-28 at 17.12.47.jpeg
copyright icon www

Бишкек, 28.08.25 /Кабар/. Кыргызстанга аймактар аралык каттамдарды аткаруучу “Асман Эйрлайнс” мамлекеттик компаниясынын үчүнчү учагы келет. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине “Кыргызстан аэропорттору” компаниясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Bombardier Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү 80 орундуу учак ички каттамдар үчүн алынууда. Буга чейин дал ушундай үлгүдөгү эки учак пайдаланууга берилген.

“Кыргызстан аэропорттору” ААКнын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Алена Хоменконун айтымында, үчүнчү учактын келиши менен каттамдардын саны көбөйүп, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуулук жаратылат.

“Техникалык жана башка себептерден улам эки учактын каттамдары айрым учурларда жылдырылып келсе, кошумча учактын келиши менен мындай көйгөйлөр азаят жана каттамдардын саны да арбыйт”,-деди ал.