Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. Евразия өнүктүрүү банкынын эксперттеринин баамында, 2025-жылы Кыргызстанга акча которуулардын агымы 3,5 млрд долларга жетти. Мындай маалыматтар көп тараптуу каржы институтунун жумалык баяндамасында келтирилген.
Аналитиктердин эсептөөсү боюнча, которуулардын рекорддук көлөмү катталып, 2024-жылга салыштырмалуу өсүш 16,8 пайызды түздү (негизинен Россиядан которулган каражаттын эсебинен түзүлгөн).
ЕӨБдүн маалыматына ылайык, 3,5 млрд доллар Кыргызстандын ИДПсынын 15,4 пайызына туура келет.
"Доллар түрүндөгү агымдын көбөйүшүнө 2025-жылдын аягына карата рублдин долларга болгон курсунун 24 пайызга бекемделиши өбөлгө түздү. Ошол эле учурда сомдун долларга болгон курсу аталган мезгил ичинде иш жүзүндө өзгөргөн жок. Каражаттардын агымынын көбөйүшү ички суроо-талаптын кеңейишине шарт түзөт. 2025-жылы ички сооданын өсүшү 17,8 пайызды түздү", — деп белгиленет баяндамада.