Кыргызстанга 10 миң тонна жер семирткич алып келинет

Коом 162 17 Август 2026 15:50
159927791_525948648760859_2970992540244706548_n.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 17.08.26. /Кабар/. Кыргызстанга биринчи партия катары болжол менен 10 миң тонна карбамид жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер семирткич жеткирүү боюнча тиешелүү келишим "Кыргыз агрохолдинг" ААК менен Кытайдын Beijing Huafu Engineering Co., Ltd. компаниясынын ортосунда түзүлдү.

IMG_9670.jpg

Макулдашуу ата мекендик дыйкандарды сапаттуу минералдык жер семирткичтер менен өз убагында камсыздоого багытталган. Кызматташуу жазгы-талаа жана күзгү иштер маалында жер семирткичтердин тартыштыгын азайтууга шарт түзөт.

Белгиленгендей, карбамиддин жеткиликтүү болушу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууга жана агрардык тармактын туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө болот.