Кыргызстандын жол жана транспорт тармагындагы ири өзгөрүүлөр

Коом Загрузка... 13 Август 2025 16:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Өлкөдө бардык тармактарда олуттуу өзгөрүүлөр болуп жаткандай эле, жол тармагында дагы мыкты өзгөрүүлөр болууда. Соңку жылдары бул тармакка өзгөчө көңүл бурулуп жатат.

WhatsApp Image 2025-08-13 at 16.25.23.jpeg

Мамлекеттик жана эл аралык долбоорлордун алкагында бир катар маанилүү жолдор асфальтталып, көпүрөлөр жана жол белгилери жаңыланып, коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Өзгөчө тоолуу жана жетүү кыйын болгон аймактардагы жолдордун оңдолушу, жергиликтүү тургундар үчүн чоң жеңилдик болууда.

Айрыкча, стратегиялық мааниге ээ болгон ички жана эл аралык транспорт жолдорунун сапатын жакшыртуу багытында ири иштер аткарылып жатат. Жолдорду оңдоо жана реконструкциялоо аркылуу аймактар ортосундагы байланыш күчөп, калктын жүрүп-туруу мүмкүнчүлүгү жакшырды. Бул өзгөрүүлөр элдин жашоосуна түздөн-түз таасир берип, экономикалык өнүгүүгө да түрткү болууда.

WhatsApp Image 2025-08-13 at 16.25.25.jpeg

Жол тармагы

Жол тармагына башка жылдарга салыштырмалуу өзгөчө көңүл бурулуп, үстүбүздөгү жылы жалпы 1152,6 чакырым жол оңдоо пландалды. Анын ичинен 1 миң чакырымга асфальт төшөө жана оңдоо иштери каралды.

Үстүбүздөгү жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча унаа жолдорунда 369,7 чакырым жолго асфальтбетон төшөлдү. Анын ичинен учурдагы бюджеттин эсебинен 81 чакырым, капиталдык салымдардын эсебинен 237,4 чакырым, ал эми инвестициялык долбоорлор боюнча 51,3 чакырым жолго асфальт төшөлдү.

Аткарылган жумуштардын көлөмү былтыркы 2024-жылдын 6 айына салыштырмалуу асфальт төшөө иштери 187,2 чакырымга же болбосо 2 эсеге көп жүргүзүлдү.

Министрликтин алдында бир катар ири долбоорлор мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулушу уланууда. Тагыраагы, Бишкек-Ош, Бишкек шаарынын түндүк айланма жолу, Бишкек - Кант, Бишкек - Күнтуу - Шопоков, Лебединовка –ГЭС 5, Арашан - Чуңкурчак, Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол, Ош - Баткен - Раззаков, Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка, Нарын - Баетов, Өзгɵн - Мырза-Аке - Кара-Кулжа, Базар-Коргон – Арсланбап унаа жолдорунун курулуш иштери жүрүүдɵ.

Мындан тышкары, инвестициялык каржылоонун алкагында Түп - Кеген, Корумду – Балбай баатыр, Барскоон айылынан Каракол шаарына чейинки участок, Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун реконструкциясы жана Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолун Дыйкан – Кызыл-Жылдыз участогунда жол куруу иштери уланууда. Ошондой эле Бишкек - Ош унаа жолунун 400 чакырымындагы 748 метрди түзгɵн туннелдин курулушуна старт берилип, даярдык иштери жүрүп жатат.

WhatsApp Image 2025-08-13 at 16.25.24 (1).jpeg

Транспорт тармагы

Транспорт тармагында да бир катар маанилүү иштер аткарылды. Жерде жүрүүчү жана суу транспорт департаменти 2025-жылдын 6 айында лицензия жана уруксат кагаздарын берүүдөн, салмак өлчөмдөрүн таразалоо жана өлчөөдөн, бөлүнбөгөн жүктөрдү ташуу үчүн атайын уруксат жана зыяндын ордун толтуруудан, административдик айыптардын салынышынан жалпысынан 523 млн 534 миң сом киреше түштү. Бул 2024-жылдын 6 айына салыштырмалуу 450 млн 633 мин сомго кɵп түшкөн.

WhatsApp Image 2025-08-13 at 16.25.24 (4).jpeg

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасы

Жүк ташуу үстүбүздөгү жылдын 6 ай ичинде 4 млн 958 миң тоннаны түздү. Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 952 миң тоннага көбүрөөк. Өткөн жылдын алты айында бул көрсөткүч 4 млн 1 миң тоннаны түзгөн.

WhatsApp Image 2025-08-13 at 16.59.02.jpeg

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу

Азыркы учурда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун масштабдуу курулуш иштери башталды.

Жалпы узундугу 304,84 чакырым. Долбоордо 50 көпүрөнү, 29 туннелди куруу каралган. Көпүрөлөрдүн жана туннелдердин жалпы узундугу 119,69 чакырым. Коридор боюнча жалпысынан 3 ири туннелдин курулушу башталды, алардын ар биринин узундугу 12 чакырымдан ашат. Алар: Нарын №1, Кош-Дөбө, Фергана туннелдери.

WhatsApp Image 2025-08-13 at 16.25.24 (2).jpeg

“Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал" долбоорунун Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулушу башталгандан бери "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын өздүк каражаттарынын эсебинен, 2022-жылдын 31-мартынан тартып Балыкчы – Кочкор темир жолунун 37 чакырымы курулуп бүттүп, жаңы 9 чакырымына жасалма курулуштар жана байланыш иштери боюнча активдүү курулуш иштери жүрүүдө.

WhatsApp Image 2025-08-13 at 16.25.24.jpeg

“Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик ишканасы

2025-жылдын алгачкы алты айында “Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик ишканасынын жалпы кирешеси 158 млн 936 миң сомду түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 97 млн 573 миң сомго көбөйдү.

WhatsApp Image 2025-08-13 at 16.25.23 (2).jpeg

Бул көрсөткүчтүн өсүшү негизинен тоннелдик кызматттардан түшкөн кирешеден улам болгон. 2024-жылдын ушул мезгилинде бул багыт боюнча киреше болгон эмес.

Бишкек-Ош унаа жолундагы Сосновка жана Кара- Көл пункттарында төлөмдөрдү чогултуу адам факторунун кийлигишүүсүз "Акжол Софт" программасы ишке киргизилди. Жаңы система пункттардан өтүп бара жаткан айдоочуларга накталай эмес ыкма менен жана алдын ала төлөө менен, башкача айтканда операторлордун катышуусуз төлөө мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

WhatsApp Image 2025-08-13 at 16.25.23 (1).jpeg

Мындай масштабдуу иштер жол жана транспорт тармагындагы реформалардын системалуу жүргүзүлүп жатканын далилдейт. Өлкөнүн бардык аймактарын сапаттуу жолдор менен байланыштырган бул аракеттер Кыргызстандын өнүгүүсүндө стратегиялык мааниге ээ. Калктын мобилдүүлүгү жогорулап, бизнес, соода жана туризм тармактарынын активдүү өнүгүүсүнө жол ачылууда. Жолдордун сапатынын жогорулашы менен коопсуздук деңгээли да жогорулап, жүк ташууларда жана жүргүнчү ташууда чыгымдар азаюуда.

Темир жол инфраструктурасынын кеңейиши, айрыкча Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу - Борбор Азия регионундагы транспорттук хаб болууга Кыргызстандын мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, өлкөнүн транзиттик потенциалын күчөтөт. Бул долбоор эл аралык соода агымын көбөйтүп, кошумча жумуш орундарын түзүп, экономикага олуттуу салым кошот.

Ошондой эле санариптик системалардын, алсак, "Акжол Софт" программасынын киргизилиши, айдоочулар үчүн ыңгайлуулукту жогорулатып, адам факторуна байланыштуу тобокелдиктерди азайтууда.

Алдыдагы жылдары да бул тармакта ири долбоорлордун улантылышы күтүлүүдө. Бул өлкө жарандарынын жашоо сапатын жакшыртууга, экономикага инвестиция тартууга шарт түзөт.