Бишкек, 27.11.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы алдында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин, Коргоо министрлер кеңешинин жана Коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитетинин биргелешкен жыйыны өттү.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуу жемиштүү жана конструктивдүү маанайда өтүп, анда Кыргызстандын уюмга төрагалык кылуусунун жыйынтыгы талкууланды.
Катышуучулар Кыргызстандын уюмга төрагалык кылуусу жогорку деңгээлде уюштурулган иши, ачык диалогу, сүйлөшүүлөрдүн натыйжалуу жүргүзүлүшү жана бардык мүчө мамлекеттердин кызыкчылыктарына көңүл буруусу менен өзгөчөлөнгөнүн белгилешти.
Кыргыз тарап тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында өз ара ишенимди чыңдоонун, биргелешкен аракеттерди координациялоонун жана келип чыккан коркунучтарга ыкчам жооп кайтаруунун маанисин баса белгиледи.
Жыйынтыгында жамааттык коопсуздук механизмдерин мындан ары бекемдөөгө багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынды. Тактап айтканда, Баңгизатка каршы стратегия жана жакынкы беш жылга аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү планы кабыл алынды. Ошондой эле ЖККУнун КМШ жана ШКУ сыяктуу башка эл аралык уюмдар менен өнөктөштүгүн өнүктүрүүгө көңүл бурулду.