Бишкек, 22.08.25. /Кабар/. Биз боордош Кыргызстандын жетишкендиктерине кубануудабыз жана кызматташтыкты мындан ары чыңдоого чоң маани беребиз. Бул тууралуу пикирин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда билдирди.
Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун талыкпаган эмгегинин аркасында Кыргызстанда позитивдүү өзгөрүүлөр болуп жатат.
“Сиз элдин бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган маанилүү демилгелерди ишке ашырып жатасыз. Жыл башынан бери өлкөнүн экономикасынын 11,7 пайызга өсүшү буга ачык далил болуп саналат”, - деди Касым-Жомарт Токаев.
Ошондой эле Казакстандын президенти Садыр Жапаровго Кыргызстанга расмий иш сапар менен келүүгө чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө кошкон зор салымын белгиледи.
“Иш сапар эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө жаңы дем берет деп ишенем. Казактар менен кыргыздар боордош элдер. Биздин жалпы тарыхыбыз, окшош салттарыбыз жана дүйнө таанымыбыз бар. Эзелтеден бери эки эл Ала-Тоонун этегинде тынчтыкта жана ынтымакта жашап келишет. Бүгүнкү күндө биздин өз ара аракеттенүүбүз стратегиялык өнөктөштүк рухунда динамикалуу өнүгүп жатат. Биз өз ара урматтоого негизделген бардык деңгээлдеги саясий диалогду чыңдадык. Мамлекеттер аралык, парламенттер аралык, өкмөттөр аралык кеңештер ийгиликтүү иштеп, аймактар аралык байланыштар жолго коюлган. Жалпысынан, Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда бекем, ар тараптуу кызматташтык орногон”, - деди Токаев.
Белгилей кетсек, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кечээ, 21-августта Кыргызстанга расмий сапар менен келген. Бүгүн расмий сапардын алкагында эки өлкөнүн президенттери тар жана кенейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшту.