Кыргызстандын жер алдындагы байлыгы: Бизде канча алтын жана баалуу металл бар?

Экономика Загрузка... 17 Июль 2026 13:10
1-2-scaled.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Кыргызстан жаратылыш ресурстарына бай мамлекеттердин катарына кирет. Тоо-кен жана металлургия тармагы өлкөнүн экономикалык өсүшүнүн кыймылдаткыч күчтөрүнүн бири болуп, бюджеттин кирешесин арттырууда жана аймактарды өнүктүрүүдө мааниси чоң. Мындай шартта тармакта эмгектенген адистердин эмгеги да жогору бааланып, өлкөдө Металлургдар күнү жыл сайын июль айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленип келет. “Кабар” агенттиги бул белгилүү датаны утурлай Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин расмий маалыматтарына таянып, Кыргызстандагы баалуу металлдар жана тоо-кен тармагынын абал тууралуу кеңири баяндайт.

Кыргызстандагы баалуу металлдар

Кыргызстан бай минералдык-чийки заттардын базасына ээ өлкөлөрдүн бири. Республиканын жер казынасында түстүү, асыл жана стратегиялык мааниге ээ сейрек металлдардын ири запастары топтолгон.

Алтындан тышкары, өлкөдө төмөнкү металлдардын ири кендери бар:

  • Сымап жана сурма: Тарыхый жактан Кыргызстан (Кадамжай сурма комбинаты жана “Айдаркен” сымап комбинаты) КМШ өлкөлөрүндө бул металлдардын негизги жеткирүүчүсү болуп келген.
  • Түстүү металлдар: Жез, вольфрам, калай, ошондой эле молибден, коргошун жана цинктин олуттуу запастары бар.
  • Сейрек кездешүүчү металлдар: Жер казынасында иттрий, лантан, церий сыяктуу сейрек кездешүүчү элементтер бар. Мисалы, Кутессай-II кенин атасак болот. Бул сейрек кездешүүчү элементтер бүгүнкү күндө жогорку технологияларда жана “жашыл” энергетикада өзгөчө маанилүү.

Кыргызстандагы эң негизги, эң көп изилденген жана запасы боюнча эң ири асыл металл — алтын болуп саналат. Өлкөнүн тоо-кен тармагы да негизинен алтын казып алууга таянат.

Министрликтин маалыматына ылайык, чалгындалган жана бекитилген алтын запастары өлкөдө болжол менен 1000 тоннага жакын. Анын ичинен 7,4 тоннасы чачынды алтынга туура келет. Ошол эле учурда өлкөнүн жер казынасынын болжолдуу потенциалы расмий бекитилген запастардан кыйла жогору экендиги айтылат.

Баалуу жана сейрек металлдардын ири запастары

Кыргызстандагы кендер негизинен комплекстүү болгондуктан, алтын менен бирге күмүш жана жез да кездешет. Мамлекеттик баланстын запасында 1,1 миң тонна күмүш, 960 миң тонна жез, 47,7 миң тонна коргошун жана 32,1 миң тонна цинк бар. Алтын, күмүш жана жездин ири запастары негизинен Жалал-Абад облусунда жайгашкан. Ал эми коргошун жана цинк камтылган комплекстүү кендер Чүй жана Баткен облустарында топтолгон.

Кыргызстан эки стратегиялык маанилүү металл сурма жана сымап боюнча дүйнөдө жана Борбор Азияда алдыңкы орундардын бирин ээлейт.

Сымап. Кыргызстан сымап запастары боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкө Кытай жана Мексиканын катарына кирет. Негизги запастар “Айдаркен” кенинде жайгашкан. Айрым мезгилдерде Кыргызстан дүйнөлүк сымап рыногунун олуттуу бөлүгүн камсыздаган. Өлкөнүн үлүшү дүйнөлүк эсептелген запастардын 10%дан ашыгын түзөт. Ал эми Борбор Азияда Кыргызстан сымап запастары боюнча биринчи орунда.

Сурма. Бүгүнкү күндө сурма жогорку технологиялык, коргонуу жана жарым өткөргүч өнөр жайында маанилүү чийки зат катары таанылган. Кыргызстан сурма запастары боюнча дүйнөдөгү алдыңкы 10 өлкөнүн катарында турат. Негизги объект — Кадамжай сурма комбинаты, ал советтер союзу мезгилинде дүйнөдөгү эң ири өндүрүштөрдүн бири болгон. СУ-0000 маркасындагы сурма дүйнөлүк стандарт катары бааланган.

Борбор Азия жана КМШ өлкөлөрүндө Кыргызстан бул көрсөткүч боюнча аймакта алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Борбор Азияда лидер — Тажикстан, ал эми Кыргызстан Россия менен бирге 2–3-орундарда турат.

Кен байлыктарын иштетүү

Тоо-кен тармагы өлкөнүн өнөр жайындагы маанилүү багыттардын бири. Ал экспорттук кирешелерди көбөйтүп, мамлекеттик бюджетке салык түшүүлөрүн камсыздайт. Ошондой эле миңдеген жумуш орундарын түзүү менен аймактардын инфраструктурасынын өнүгүшүнө чоң таасир берет.

Экономика илимдеринин доктору, профессор Сагынбүбү Чолбаева кен байлыктарын казып алуу жана кайра иштетүү Кыргызстандын экономикасында маанилүү орунду ээлеп, өлкөнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошоорун “Кабар” агенттигине билдирди.

“2025-жылы кен казуу тармагы ички дүң продукциянын 9,5%ын түзүп, жалпы өндүрүштөгү үлүшү 24%га жеткен. Ошол эле жылы кен казуу ишканалары мамлекеттик бюджетке 65,4 млрд сом түшүргөн. Ал эми 2026-жылдын алгачкы 5 айында эле бюджетке 40 млрд сом түшкөнү тармактын экономикалык мааниси жогору экенин далилдейт. Бирок, бул тармактын эки тараптуу таасири бар. Бир жагынан ал бюджетти толуктап, көптөгөн жумуш орундарын түзүп, экономиканын өсүшүнө өбөлгө болот. Экинчи жагынан экологияга терс таасир тийгизип, өлкөнүн чийки затка болгон көз карандылыгын күчөтүү коркунучу. Негизги маселе эки багыттын ортосундагы тең салмактуулукту сактоо. Кен байлыктарын жөн гана чийки түрдө экспорттоонун ордуна, өлкө ичинде кайра иштетүүчү ишканаларды өнүктүрүү зарыл. Мындай ыкма даяр продукциянын наркын жогорулатып, кошумча киреше булактарын, жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт”,- деди ал.

Министрликтен белгилешкендей, бирок акыркы жылдары өлкөдө сымап жана сурма казып алуунун жана кайра иштетүүнүн көлөмү кыйла азайган. Бул экологиялык талаптар өндүрүштү модернизациялоо зарылдыгы менен байланыштуу. Иштеп жаткан комбинаттардын көбү экологиялык талаптардан жана өндүрүштү модернизациялоо зарылдыгынан улам импорттук концентратты байытууга же аз кубаттуулукта иштөөгө өтүшкөн.

Тоо-кен тармагында жаратылыш байлыктарын натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу негизги маселе экендигин "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун мүдүрлөр кеңешинин төрагасы Болотбек Идирисов "Биринчи радионун" түз эфиринен маалымдады.

“Тоо-кен тармагында бир нерсени эстен чыгарбоо керек. Жаратылыштагы байлыкты натыйжалуу, сарамжалдуу пайдалануу үчүн дайыма жаңы жолдор изделип туруш керек. Көбүнчө экономикада кендин таза кирешесин карашат. Экономикалык көрсөткүчтөрдү кенге айкалыштырышыбыз керек. Мисалы, алтындын, нефтинин, башка материалдардын баалары өзгөрүп жатат. Ошонун барын карап үзгүлтүксүз эсеп-кысап иштерин жүргүзүп турушубуз зарыл. Кумтөр буга чейин көп жылдар бою кенди казуунун ачык ыкмасы менен иштеп келди. Бирок, кен жерге жакын болгон учурда ачык ыкма менен терең жайгашканда жер алды менен казып алуу натыйжалуу. Эң негизгиси жаратылыш берген байлыкты мүмкүн болушунча сарамжалдуу пайдалануу зарыл”,- деди ал.

Жыйынтыктап айтсак, баалуу металлдарды натыйжалуу пайдалануу менен бирге экологиялык талаптарды сактоо, кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү жана ресурстарды келечек муундар үчүн сарамжалдуу пайдалануу биздин негизги милдетибиз.