Кыргызстандын ИДПсы январь-августта 11%га өстү – Статком

Экономика 18 сентябрь 2026 12:40
WhatsApp Image 2026-09-18 at 11.55.21.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-18 at 11.56.50.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-09-18 at 11.55.21.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-18 at 11.56.50.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 18.09.26. /Кабар/. Кыргызстанда 2026-жылдын январь-августунда ички дүң продукттун көлөмү 1 трлн 396,8 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 600,8 млрд сомду түзүп, физикалык көлөмдүн индекси 108,8 пайыз болду. Өсүш негизинен химиялык продукцияларды өндүрүүнүн 2,3 эсеге, тазаланган мунай продукцияларын өндүрүүнүн 1,8 эсеге көбөйүшү менен камсыздалды.

Мындан тышкары, транспорт каражаттарын өндүрүү 46,8 пайызга, жыгачтан жана кагаздан жасалган буюмдарды, полиграфиялык продукцияларды өндүрүү 44,7 пайызга, курулуш материалдарын өндүрүү 33,4 пайызга, фармацевтикалык продукцияларды өндүрүү 15,1 пайызга, пайдалуу кендерди казуу 8,9 пайызга өстү. Тамак-аш азыктарын, суусундуктарды жана тамеки продукцияларын өндүрүү 8,4 пайызга көбөйдү.

Ошондой эле курулуш тармагындагы көлөм 1,6 эсеге, айыл чарба 6,4 пайызга, дүң жана чекене соода 4,4 пайызга өстү.

Үстүбүздөгү жылдын январь-августунда керектөө баалары жана тарифтер өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 7,6 пайызга жогорулады. Анын ичинде азык-түлүк жана алкоголсуз ичимдиктердин баасы 6,4 пайызга, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдары 7,7 пайызга, азык-түлүк эмес товарлар 6,1 пайызга, кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,4 пайызга өскөн.

2026-жылдын январь-июлунда Кыргызстандын товарлар менен тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 10 млрд долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,7 пайызга көбөйдү.

Анын ичинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соода 3,7 млрд долларды түзүп, 5,4 пайызга өскөн. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандын өз ара соодасында Россиянын үлүшү 65,1 пайызды, Казакстандын үлүшү 32,4 пайызды түздү.