Улуттук банк эсептик ченди 12 пайыз деңгээлинде калтырды

Экономика
Улуттук банк эсептик ченди 12 пайыз деңгээлинде калтырды
copyright icon Улуттук банк

Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Улуттук банк башкармалыгы 26-октябрда эсептик ченди 12 пайыз деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды.

Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына караганда, чечим бүгүн, 27-октябрдан тарта тартып күчүнө кирет.

"Октябрда жылдык инфляция 10,8%ды түзүп, сентябрдагы 12,2%дан төмөндөгөн. Ал эми 2026-жылдын январь-сентябрь айларында өлкөнүн ички дүң продукциясы (ИДӨ) 10,8%га өскөн", - деп айтылат маалыматта.

Эсептик ченди өзгөртпөө чечими инфляциялык тобокелдиктерди эске алуу менен кабыл алынган.

Белгиленгендей, Улуттук банктын эсептик чен боюнча кийинки отуруму 30-ноябрда өтөт.