Кыргызстанда жумуртка өндүрүү дээрлик 23%га өстү

Экономика 18 сентябрь 2026 12:50
Кыргызстанда жумуртка өндүрүү дээрлик 23%га өстү
copyright icon WWW

Бишкек, 18.09.26. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына карата Кыргызстанда айыл чарба продукциясынын негизги түрлөрүн өндүрүүдө оң динамика катталды. Өзгөчө канаттуулар чарбасы жогорку өсүштү көрсөтүп, жумуртка өндүрүү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 23,2 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча отчеттук мезгилде 694 млн 688 миңден ашык жумуртка алынган. Салыштырмалуу айтсак, 2025-жылдын 1-сентябрына карата бул көрсөткүч 564 млн 77 миң даананы түзгөн.

Жумуртка өндүрүү боюнча Баткен облусу рекорддук өсүш көрсөтүп, өндүрүштү дээрлик эки эсеге көбөйттү. Ал эми өндүрүлгөн жумуртканын эң чоң көлөмү адаттагыдай эле Чүй облусуна туура келет.