Кыргызстандын экономикасы 9 айда 10,8%га өстү

Экономика
Кыргызстандын экономикасы 9 айда 10,8%га өстү
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 19.10.26 /Кабар/. Кыргызстандын экономикасы 9 айда 10,8 пайызга өстү.

Улуттук статистика комитетинин алдын ала баалоосу боюнча, 2026-жылдын январь-сентябрь айларында ички дүң продуктукциянын көлөмү 1 640,9 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүш 10,8 пайыз болду. Өткөн жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 9,9 пайыз эле.

Өсүш экономиканын бардык негизги тармактарында байкалууда:

  • курулуш – аткарылган иштердин көлөмү 62,2 пайызга көбөйдү;
  • өнөр жай – өндүрүш 7,1 пайызга өстү;
  • айыл чарба – 6,5 пайызга өстү;
  • кызмат көрсөтүү – 6,1 пайызга өстү.

Номиналдык ИДПнын түзүмүндө товар өндүрүүчү тармактардын үлүшү 35,9 пайызды, кызмат көрсөтүү тармактарынын үлүшү 48,7 пайызды түздү.

Өсүшкө министрлер кабинетинин ишкердик чөйрөнү колдоо, стратегиялык тармактарды стимулдаштыруу жана инфраструктураны жаңылоо боюнча жүргүзгөн саясаты өбөлгө болду.