Кыргызстандын жаңы миграциялык саясаты: мыйзамдуулук, жоопкерчилик жана туруктуулук

Коом Загрузка... 17 Декабрь 2025 18:30
76ebf6a71cdb.jpg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Кыргызстанда акыркы жылдары миграция тармагында олуттуу реформалар жүргүзүлүп, чет өлкөлүк жарандардын өлкөдө жүрүүсү жана иштөөсү мыйзамдуу нукка салынууда. Натыйжада миграциялык көзөмөл күчөп, бюджетке түшкөн каражат көбөйгөн. Бул жана башка өзгөрүүлөр тууралуу брифингде ЖМК өкүлдөрүнө Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу айтып берди.

WhatsApp Image 2025-12-17 at 19.06.23.jpeg

Мезгил талабына карата жаңы кадамдар

Учурда тез өзгөрүп жаткан глобалдык геосаясий кырдаалда көптөгөн өлкөлөр миграциялык саясатын реформалап, миграциялык мыйзамдарын жана чет элдик жарандардын жүрүү эрежелерин кайрадан карап чыгышууда. Алардын катарында биздин өлкө да бар. 2023-жылдан тарта Тышкы иштер министрлиги миграциялык көзөмөлдү күчөтүүгө жана чет өлкөлүк жарандардын өлкөдө максаттуу жүрүшүн камсыздаган бир катар ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизди.

Анын катарында чет элдиктер өлкөнүн чегинен кыска убакытка чыгып, кайра кайтып келген “visa-run” практикасы жокко чыгарылды. Себеби, айрым жарандар муну менен мөөнөтү бүткөндө өлкөдөн бир күнгө чыгып, эртеси кайра келген учурлар көп катталчу. Кандай максат менен кирип чыгып жаткандыгы белгисиз эле. Андыктан, ал жоюлду.

Ал эми бул чаралар мурда уруксат берүүчү документтерди жасатуудан качкандарын мыйзамдаштырууга жана “көмүскөдөн” чыгарууга, ошондой эле өлкөнүн бюджетине салык жана башка жыйымдардын түшүүсүн көбөйттү.

Натыйжада, чет элдик жарандар виза менен бирдиктүү уруксатты көбүрөк ала башташты.

Реформалардын негизги багыттары

Андан сырткары, улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен реформалардын негизги багыттары аныкталды:

  • Эмгек мигранттары көмүскө сектордон чыгарылды;
  • Ички мыйзамдарда белгиленгендей бардык жол-жоболор ачык-айкындуулук менен камсыз кылына баштады;
  • Иш берүүчүлөрдүн жоопкерчилиги жогорулатылды;
  • Бюрократиялык тоскоолдуктар алынып салынды жана коррупциялык тобокелдиктер жокко чыгарылды.

Бул кадамдар менен миграциялык процесстер иретке келтирилип, жөнгө салуунун жаңы инструменттери киргизилди. Атап айтканда, быйылкы жылдын 1-январынан тарта жумушка уруксат алуу жана эмгек визасын каттоодо “Бирдиктүү терезе” принциби менен “Бирдиктүү уруксатты” берүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылды. Анын негизинде чет өлкөлүк кызматкерге уруксат берүүчү документин каттоонун мөөнөтү бир айдан 2 жумага чейин кыскартылды. Процесс толугу менен онлайн форматка өткөрүлүп, жеке байланыштар жокко чыгарылып, коррупциялык тобокелдиктерди жойду. Алар бул документтештирүү иштерин отурган жеринде бүткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Статистика жана финансылык көрсөткүчтөр

Бирдиктүү уруксат боюнча статистикага токтолсок, “Электрондук виза” порталы аркылуу жалпысынан 48 439 бирдиктүү уруксат берилди. Муну менен биз канча жаран иштеп жаткандыгын биле алдык.

Ал эми финансы-экономикалык көрсөткүчтөргө токтолсок, 11 айдын ичинде “Бирдиктүү уруксаттардан” - 1,19 млрд сом жана кепилдик төлөмдөрдөн (ИИМ) - 234,3 млн сом түшкөн. Жалпысынан визалардан жана “Бирдиктүү уруксаттардан” түшкөн каражат 5 млрд сомдон ашкан.

Депортациялоонун жаңы механизми

Андан сырткары, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу мыйзам бузган жарандарды өзү депортация кыла баштады. Мисалы, чет элдик жарандар квотага деп 20 миң сом, ошондой эле кепилдик төлөмүнө деп 5 миң сом төлөшөт. Башкача айтканда бул – “каржылык коопсуздук”. Бул акча Ички иштер министрлигине түшөт. Мунун негизинде мыйзам бузган мигранттарга мамлекеттин кошумча акчасын коротпой, ошол эле каражаттын эсебинен өлкөдөн чыгаруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. ИИМ аларды убактылуу кармоочу жайга жайгаштырып, билет алып берип өлкөсүнө салып же чартер менен жөнөтө алышат. Бул дагы бир чоң өзгөрүү болду.

Миграциялык мунапыстын жыйынтыгы

Бул чөйрөдөгү дагы бир жетишкендиктердин катарына мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча өлкө башчысынын тапшырмасына ылайык аткарылган төмөнкү иштерди кошуп кетсек болот. Президенттин 2025-жылдын 22-майындагы жарлыгынын алкагында биринчи жолу кыска мөөнөттү миграциялык мунапыс ишке ашырылды. Анын негизги максаты – миграциялык процесстерди иретке келтирүү жана чет өлкөлүк жарандардын өлкө аймагындагы жүрүүсүн мыйзамдаштыруу болду. Атап айтканда, алар берилген убакыттын ичинде документтерин иретке келтирүү, укуктук макамын жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү берилди.

Өз кезегинде бул миграциялык мунапыс төмөнкү жыйынтыктарды көрсөттү:

  • болжол менен 10 миңге жакын чет өлкөлүк жарандын Кыргызстанда болуусу мыйзамдаштырылды;
  • алгач ирет Кыргызстандын аймагынан 1767 мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жаран кепилдик төлөмдөрдүн эсебинен чартердик каттамдар аркылуу чыгарылды.

Учурда убактылуу жайгаштыруу пунктунда мыйзамдарды бузган 93 чет өлкөлүк жаран бар.

Бул чаралар мыйзамсыз мигранттардын санын олуттуу кыскартып, чакыруучу тараптардын жоопкерчилигин күчөтүп, чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга болгон мамилени калыптандырды.

Ошону менен катар, электрондук визалар жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү механизмдери активдүү иш алып барууда. Ушул жылдын 11 айында 326 158 электрондук виза таризделди.

Тармактагы жаңы курал - резидент-карта

Ошондой эле бүгүнкү күндүн чоң жаңылыгы болгон – чет элдик жарандарга резидент-карта бериле баштады. Биз бул куралды миграцияны жөнгө салуунун бир элементи деп эсептейбиз жана бул мамлекет үчүн да, бизнес үчүн да туруктуулукту жана укуктук аныктуулукту камсыз кылат. Тактоо иретинде мисал келтирсек, резидент-картанын ичиндеги маалымат чет өлкөлүк жарандын аты-жөнү, иш берүүчү жак тууралуу жана айлык-маяна, салык төлөмдөр боюнча маалыматты, иштеген адамдын медициналык көрсөткүчтөрүн камтыйт.

Бул документ Тышкы иштер министрлиги тарабынан миграциялык процесстерди жакшыртуу багытында жүргүзүлүп жаткан реформалардын уландысы болуп саналат.