Кыргызстандын жаш балбандары Азия чемпионатында 6 медаль багындырды

Спорт 22 июнь 2025 11:55
Кыргызстандын жаш балбандары Азия чемпионатында 6 медаль багындырды
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек,22.06.25./Кабар/. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча жаштар курама командасы (U-23) Азия чемпионатында 6 медаль (1 алтын, 1 күмүш, 4 коло) багындырды.

Дене тарбия жана спортт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш Вьетнамдын Вунг Тау шаарында өттү.

Алтын медаль ээси:
86 кг Мухаммад Абдуллаев.

Күмүш медаль ээлери:
70 кг Адис Рахат уулу;

Коло медаль ээлери:
57 кг Мухаммадрасул Салиев;
65 кг Рустамжан Кахаров;
79 кг Байтемир Түлөбердиев;
92 кг Улукбек Сооронбеков.

Курама команда улук машыктыруучу Илгиз Жакыпбековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.













и ещё 2

Все реакции:
2323