Бишкек, 09.10.25 /Кабар/. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Кёльн шаарында өтүп жаткан Anuga-2025 аттуу дүйнөдөгү эң ири эл аралык азык-түлүк көргөзмөсүнө катышты.
Дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, быйыл Кыргызстан бул көргөзмөгө биринчи жолу өзүнүн улуттук стенди менен катышып жатат. Анда жергиликтүү экспорттоочулар жогорку сапаттагы органикалык продукцияны — жаңгак, түрдүү кургатылган жемиштер, мөмө-жемиш жана жер-жемиш майлары жана башка товарларды сунушташууда.
Көргөзмөнүн алкагында элчи Өмүрбек Текебаев кыргызстандык ишканалар — Manyz KG, Alysh Dan Organic, Exim Torg LLC, Ishker KG, Vita Miks, Talas Beans жана башка ишкерлер менен жолугушуп, Кыргызстандын продукциясын Германия жана Европа Биримдигинин базарларына экспорттоо жана илгерилетүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.
Anuga көргөзмөсү — дүйнөдөгү азык-түлүк жана суусундук өндүрүүчүлөр үчүн эң ири аянтча болуп саналат жана ал ар эки жылда бир жолу Кёльн шаарында өтөт. 2025-жылы бул иш-чара өзүнүн 100 жылдык мааракесин белгилеп, 4–8-октябрь күндөрү өтүүдө. Ага 110дон ашык өлкөдөн 8000ге жакын экспонент жана 200 өлкөдөн 140 миңден ашуун конок катышууда. Көргөзмө 290 000 чарчы метрди камтыйт.