Бишкек, 03.09.25. /Кабар/. Кыргызстандын ушу саньда боюнча курама командасы Бразилияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатына катышууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, чемпионат 31-августта башталып, 7-сентябрга чейин уланат. 2-сентябрда спортчулар таразага түшүп, бүгүнтөн тарта мелдештерге катыша баштады.
Кыргызстандын атынан төмөнкү спортчулар күч сынашууда.
- Диербек Гапиров – 56 кг;
- Темирлан Аманкулов – 80 кг;
- Карим Балтабаев – +100 кг.
Курама команданын башкы машыктыруучусу – Тагайбек Өмүржанов.
Белгилей кетсек, ушу саньда боюнча дүйнө чемпионатына 80ден ашуун өлкөнүн спортчуларынын катышуусунда өтүүдө.